Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагулов Ноокен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн жана Базар-Коргон райондук жалпы дарыгердик практика борборунун учурдагы абалы менен жеринде таанышты.
2022-2023-жылдар ичи Ноокен райондор аралык ОААжМСЭКБ мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн имараты 1 млн 149 миң 708 сомго капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлер үчүн шарт түзүлгөн. Республикалык бюджеттин эсебинен 300 000 сом акча каражаты ажыратылып, заманбап кондиционерлер орнотулду. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2023-жылы чыгарылган «Орризон 5» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа берилди.
Бирок, вакцина, термобаштыктарды сактоочу кампанын аянты жетишсиз болгондуктан, жаңы кампа куруу зарылчыгы бар экенин билдиришти.
Ошондой эле башкы имараттын сырткы тарабы жана бөлмөлөрү санитардык бактериологиялык, санитардык гигиеналык лабораториялары капиталдык ремонтко муктаж.
Базар-Коргон райондук жалпы дарыгердик практика борбору 268 орундуу.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2023-жылдын 24-июлундагы №178 “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал” жөнүндөгү жарлыгына ылайык, борборлоштурулган отун-көмүр менен жылытуучу от казандарды жана жылытуу түтүкчөлөрүн орнотуп, куруу иштерине 14 223 000 сом жумшалып, жылытуу системасы 2023-жылдын 1-декабрынан баштап пайдаланууга берилди.
Азыркы учурда райондук жалпы дарыгердик практика борборунун администрациясы, ички-илдеттер, кабыл алуу, балдар ички-илдеттер, балдар жандандыруу, чондор жандандыруу, жараат тануу, бычак эм (хирургия), төрөт, гастроэнтерология, жугуштуу оорулар бөлүмдөрү, клиника-биохимия лабораториясы жана борборлоштурулган стерилизация бөлүмү, №1, №4 ҮДТнү жылытуусу электро энергиядан көмүргө өткөрүлдү.
Жыйынтыгында имараттарды жылытууга кеткен чыгымдар болжолдуу 5 миллион сомго кыскарды. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 3 185 728 сомдук ГАЗ Соболь 221717-1752 үлгүсүндөгү тез жардам унаасы берилди.
Гулназ Камбарали кызы