“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Нурланбек Шакиев Базар-Коргондо

3 Декабрь 2023 жыл 20:52
Көрүүлөрдүн саны: 370

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Базар-Коргон районуна иш сапары менен келди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Базар-Коргон районуна болгон иш сапарынын алкагында Бешик-Жон айыл аймагына караштуу Жон айылындагы жаңы салынган №42 К.Сооронбаев атындагы орто мектебинин ачуу аземине катышты.

Андан кийин Базар-Коргон шаарында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак жалпы орто билим берүүчү мектебинин абалы менен таанышты.

Аталган мектептин 350 орунга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу 2015-жылы пайдаланууга берилген. Бирок жатакананын бир имараты 1960-жылы курулуп, андан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Окуучулардын саны көп болгондуктан кошумча окуу корпусун жана жаңы жатакана имаратын куруу зарыл. Түзүлгөн шарттын начардыгына карабай, окуучулары предметтик олимпиадаларда ийгилик жаратып келе жатышат.

Жатак мектептеги жагдай менен таанышып, мугалимдер менен баарлашкан Нурланбек Шакиев айтылган сунуштар эске алынарын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге кийинки жылдын планына киргизүү тапшырмасын берди.

Гулназ Камбарали кызы