“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жайлоодо курут жасап баар тапкан Салима

28 Сентябрь 2022 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны: 37

Жалал-Абад облусундагы Рават жайлоосу Арстанбап жаңгак токоюна жакын жайгашкан. Жыл сайын жай айларында ондогон жарандар мал жайып, жайлоо чыгышат. Алардын катарында 32 жылдан бери мал багып келе жаткан Салима Мусалиеванын үй-бүлөсү да бар.

Салима Мусаеванын тиричилиги таң заардан башталат. Уй саап, сүт тартып каймак, айран жасайт. Быйыл ал жайлоого алты саан уй менен чыккан.

Салима Мусаеванын жайлоодогу үйү. Ал Кызыл-Үнкүргө 19 жашында келин болуп келген экен.


“Мен келин болуп келген жылы кыш өтө суук болду. Сууктан ошол жылы карагайлар кыйрап калыптыр. Биз ага чейин жайлоого чыкканда чатырда жашачу элек. Ошондо токой чарбадан уруксат кагаз алып, куураган карагайлардан ушул үйдү салганбыз. Карагайдан жасалган үй жылуу болот. Коопсуз дагы. Беш балам ушул үйдө чоңойду” – деди Салима Мусаева үйүн жыйнап жатып.


Салима Мусалиева сүзмө чогултуп, курут жасайт.

“Курут менен бизнес баштаганыма алты жыл болду. Малчылардан сүзмө алып, курут жасайм. Сүзмөнүн килосун 50 сомдон алам”.

“Курутту дайыма төрттөн тоголоктойм. Колум көнүп калган. Уул-кыздарым да мени көрүп төрттөн жасаганга аракет кылышчу”.

Жайлоодо курут кеч кургайт. Салиманын курут жайган төрт сөрүсү бар. Бирок ал да кээде жетишсиз.

“Кээде сүзмө көп болуп курут тоголоктоп жетишпей калам. Мурунку жылдары балдарым жардам берчү. Быйыл өзүм жалгыз жайлоого чыгып, бир аз кыйналып жатам”.

Салима сууну дарыядан ташып келет.

“Сууну чакалап ташыйм. Кээ бир күнү суу алып келгени убакыт жок болуп калат. Анткени жайлоонун түйшүгү көп. Уй саап, сүт тартып, сары май жасайм. Сүзмө алып курут да жасайм. Курут биздин үй-бүлөгө жакшы киреше алып келет. Кечээ эле 60 кило курут саттым. Баары 24 миң сом болду. Бул каражатты эми кем-карычыбызга жумшайбыз”.

Салима мүшөктө кургатылган кутурттарын көрсөтүп жатат. Ал жылына 200 кило куруп жасап, сатат.

Салима Мусаева аарычылык менен да алектенет. Анын 30дан ашык бал челеги бар.

“Жылына 300дөн 500 килого чейин бал чогултам. Балдын чогулушу аба-ырайыга байланыштуу. Жамгыр көп жааган жылы аз бал чогулат. Жамгыр токтобой жааган учурда аарыларга кумшекер берем. Кумшекер аарыларга күч-кубат берет”, — деди ишкер айым бал челектерин текшерип жатып. Салима балын Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларына жөнөтөт.

Салиманын балы өзгөчө даамдуу. Анткени анын үйүнүн айланасында жалбыз көп өсөт. Андыктан бал жалбыз жыттанып, өтө пайдалуу келет.

Гулназ Камбарали кызы 

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт.