“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөт баян: Жайлоодогу бизнес

26 Сентябрь 2022 жыл 16:06
Көрүүлөрдүн саны: 32

Салима Мусалиева жайлоодогу бизнесин 6жылдан бери жүргүзүп келет. Жайлоодо мал саап гана тим болбостон акча табуунун мыкты булагы экенин далилдеп келет. Биринчи жолу 1993-жылы жаңы келин болуп келгенде эле жайлоого мал менен чыгып күзгө чейин жайлоодо болчу.

Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айылынан болом. Ата-энем СССР убагында Кызыл-Үнкүр айылындагы Отуз-Арт жайлоосунда колхоздун койлорун багып жүрүшкөн. Ошондуктан бала чагымдан жайлоого чыгып, андагы жашоону жакшы билчүүмүн. Жолдошум бир көрүп эле алып качып кеткен. 1992-жылы Кызыл-Үнкүргө келин болуп келдим.

Ошол жылдары каттуу кыш болду. Жазда жайлоого чыксак карагайлар кыйрап калыптыр. Рават жайлоосунда карагай аябай көп. Ошондо токой чарбадан уруксат кагаз алып ушул үйдү салганбыз. Ага чейин чатырда отурчуубуз. Жазда келгенибизде тоого жакын болгондуктан мөнгү июнь айына чейин кетпейт. Үшүчүүбүз, балдарыбыз кичине. Карагайдан үйдү салганыбызга быйыл 30 жыл болуп калды. Жылуу беш баламды дал ушул карагай үйдө чоңойттум.

Курут менен бизнесимди баштагам. Малчылардын сүзмөсүн алып, курут тоголоктоп коемун. Кургатып, кышында сатам. Сүзмөнүн килограммын 50 сомдон аламын. Ал эми курутту 300-500гө чейин болот.

Курутту  дайыма төрттөн тоголоктойм. колум үйрөнүп калган. Уул-кыздарым да мени көрүп төрттөн жасаганы аракет кылышчуу. Кыздарым жайлоого чыккандыктан жашоодо кыйналышпады. Анткени тоонун түйшүгү кыздарымы чыйралтып, чыдамкайлыкка тарбиялады.

Жайлоодо күн тез-тез жаагандыктан курут кеч кургайт. 2-3 кышаа тургузуп курут жаямын. Малчылар сүзмөнү көп алып келишкенде кышаа жетишпей калат. Мурда балдарым менен бат эле тегеректеп койчу элек. Азыр болсо өзүм жалгыз кечке убара боломун.

Сууну чакалап ташыймын. Кээ күндөрү суу алып келгени убакыт жок болуп калат. Жайлоонун түйшүгү көп, мал саайм, тартам, сары май жасайм. Арасында сүзмө алып курут тоголоктоп бизнес да жүргүзөм. Малчылар тоодо сүзмөсүн курут тоголоктогону жетишпей калышат. Ошондо мага алып келип, 50 сомдон өткөрүп  кетишет.

Кечээ күнү 60 килограмм курут саттым. 24 миң сом болду. Аны тойлорго керектедим. Кышындасы кымбат болот. Ошондо көбүрөөк сатам.

Дагы бир акча табуунун булагы бал аарылар. Бизде 30дан ашуун бал челек бар. Жакшы болгондо бир тартымда, 300-500 килограмм бал тартабыз. Жайлоодо отуруп бал челектерди да карайм. Жамгыр көп жааганда аарыларга кум шекер берем. Быйылкы жылы бал орто болду. Былтыркы жылы аз болгон. Себеби жаан көп жаап, аарылар бал беришпеди.

Бал тоодо өзгөчө болот. Анткени биздин бал челектер турган жерде ашкөкү (Мята) көп өскөндүктөн балдын жыты ашкөкү жыттанып, аябай күчтүү болот. Шаарда каардарым бар келип, дүң баада Кызыл-Үнкүрдөн эле алып кетет.

Бул материал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында жаралды. Бул материал акысыз көчүрүүгө, иштетүүгө жана каалаган чөйрөдө жана автордун атын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен каалаган форматта, анын ичинде коммерциялык максатта жеткиликтүү. Бул материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA жана “Сорос-Кыргызстан” Фондунун көз карашын чагылдырбайт. 

Гулназ Камбарали кызы