“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жайлоого кеткен жолго көпүрө курулду

8 Сентябрь 2022 жыл 22:59
Көрүүлөрдүн саны: 31

2022-жылдын 6-сентябрында Кызыл-Үнкүр айыл аймагына караштуу Күрөбөс жайлоосуна кеткен жолдо көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.

Ошондой эле, Кызыл-Үнкүр айыл аймагына караштуу Жаз-Кечүү айылында «Эл инвест групп» компаниясы кубаттуулугу 5 МВат мини ГЭСти куруу иштери башталды

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев, Акман айыл аймагынын башчысы М.Көкөнов, Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын башчысы Казыбек Аманкулов, Кызыл-Үңкүр, Акман айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагалары жана Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте көпүрөнү жана мини ГЭСтин куруу иштерин жеринде көрүштү.

Бакыт көпүрөсүн куруу иштерине жалпы 438 119 сом каржыланып, анын ичинен 132 000 сом Бешик-Жон айыл аймагы тарабынан, 300 000 сом, Акман жайыт комитети тарабынан, калган сумма токой чарба жана элдик салымдан каржыланды.

Сабина Кылычбекова