Базар-Коргондо «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору» ачылып, колдонууга берилди
2022-жылдын 7-сентябрында Базар-Коргон райондук борборлоштурулган китепканасында жана Сайдыкум айыл аймагындагы китепканада Кыргыз Республикасынын Президентинин онлайн катышуусунда «Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору» ачылып, колдонууга берилди.
Аталган борборлор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу жана БУУнун өнүктүрүү программасынын, Япониянын, Германиянын жана Швейцариянын өкмөтүнүн жардамы менен ачылды.
Ачылуу аземге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Джанысак Сатыбалдиев, райондун аксакалдары, депутаттар катышты.
Аяна Расулова