“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо неврология бөлүмү ачылды

5 Сентябрь 2022 жыл 19:29
Көрүүлөрдүн саны: 39

Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун неврология бөлүмү ачылды.

Бүгүн Базар-Коргон шаарында райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун 40 орундуу неврология бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана медицина кызматкерлери катышты.

Мекеменин имараты буга чейин эскилиги жетип, Базар-Коргон райондор аралык кургак учук оорусуна каршы күрөшүү борбору катары иштеп келген. Ушул жылдын башында имарат райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун балансына өткөрүлгөн. Капиталдык ремонттоого республикалык бюджеттен 22 млн 600 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.

Облус башчысы заманбап медициналык мекемеде тургундардын ден соолугун чыңдоого, дарыгерлердин иш алып баруусуна керектүү шарттар түзүлгөнүн айтты. Өкүл ошондой эле Жалал-Абад облусундагы медицина тармагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Базар-Коргон районундагы практикалык дарылоо тарабынан айтып кетсем Абдураимов айылындагы оорукананы бизге март айында өткөрүп берген. Ал жерди капиталдык ремонттон өткөрүп неврология бөлүмүн ачтык»,- деди Базар-Коргон райондук жалпы дарыгерлерди практикалоо борборунун жетекчиси Батырбек Субанкулов.

Гүлназ Камбарали кызы