“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районунда 31 август Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы белгиленди

31 Август 2019 жыл 20:15
Көрүүлөрдүн саны: 221

Базар-Коргон районунда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленди.

Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналган салтанаттуу майрам Базар-Коргон районундагы борбордук аянтка уюштурулду. Кыргыз Республикасынын гимнинин коштоосунда туу көтөрүлдү.

Салтанат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Айбек Бегимкуловдун жалпы райондун тургундарын эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын куттуктоо менен биргеликте аткарылган иштер жөнүндө баяндамасы менен башталды.

«Урматтуу Базар-Коргон районунун тургундары, коноктору. Сиздердин бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктаймын. Эгемендүүлүккө ээ болуу жараткандын улуу тартуусу, улуу бакыт, биз баалашыбыз керек. Өз өлкөбүздү, эгемендүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоого тийишпиз.  Урматтуу майрамдык салтанаттын катышуучулары Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» деп жарыяланганына байланыштуу аталган жарлыктын алкагында райондо атайын иш чаралар кабыл алынып, аткарылышы боюнча ар түрдүү иштер жүрүп жатат. Урматтуу майрамдын катышуучулары баарыбыз бакубат, өсүп-өнгөн өлкөнү куруу үчүн тилектеш, максатташ бололу. Жергебизге келген бакытты, ооматты улайлы. Биримдикти жана ынтымакты сактайлы. Биз келечек муундардын алдында эгемендүү Кыргыз мамлекетин көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Ал үчүн баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, жапа тырмак эгемен мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө, өнүгүшүнө өз салымыбызды кошууга чакырамын. Бүгүнкү эгемендүүлүк күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын.»-деди Айбек Бегимкулов.

Майрамга райондогу аксакалдар да чакырылып, кутуктоолорун айтышты.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 200 окуучу ар улуттун бийлерин бийлешти.

Райондогу өнөрлүү апалардан түзүлгөн «Шайыр апалардын» Базар-Коргон ыры майрамды көркүнө чыгарды.

«Исхак Раззаковдун бала чагы» аттуу сахналаштырылган көрүнүш көргөзүлдү.

Майрамда улуттук кыргыз кийимин кийген ажарлуу кыз

Базар-Коргон маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа элге тартууланды.

«Бүгүнкү майрам эң сонун өтүп жатат. Майрам болгон үчүн элдин көңүлү майрамдык маанайда жакшы, көпчүлүк эл ыраазычылыгын уюштуруучуларга айтып жатышат. Майрамыбыз майрамга улана берсин, жылдарыбыз жакшы жылдардан болсун. Элибиз өркүндөп өсө берсин.»- деди Сонунбү Тилекеева.

Ооган-Талаа айылынын имамы Рашид Ботобаев «Бүгүнкү майрам эң жакшы, маанилүү майрамдардын бири. Аллахым асманыбызды ачык, заманыбызды тынч кылганына шүгүр келтирели. Дайыма өлкөбүздө тынчтык, бейкуттук болсун.»

«Майрамга жаш-каары дебей эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мен байбичелер тобунда темир ооз комузда күү аткардым. Элимди эгемендүүлүктүн 28 жылдыгы менен куттуктаймын»-деп билдирди Маданияттын мыкты кызматкери, Эл агартуунун отличниги 40 жылдан ашуун мектепте мугалим болуп эмгектенген Тажикан Сагынбаева.

Айданек Керим кызы 8-класстын окуучу: «Майрам аябай кызыктуу өтүп жатат. Мага аябай жакты. Өлкөбүздө тынчтык болсун, дайыма асманыбыз бүгүнкүдөй ачык болуп, келечегибиз кең болсун.»

Ташева Зухра, Кыял Абдукапарова: «Бүгүнкү майрам тынч өтүп жатат. Эл көп келди. Ички иштер министрлиги тарабынан келген буйруктун негизинде 31-август күнү коопсуздук боюнча 24.00гө чейин иш алып барабыз.»

«Биз бүгүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн белгилеп жатабыз. Негизи Базар-Коргон районундагы баардык эл борбордук аянтка келип майрамдап жатышат. Майрам Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп, элге жакшы маанай тартуулап, концерттик программа көрсөтүлүп жатат. Мен ойлойм, бүт Кыргызстандын ар бир жеринде ушундай маанай менен белгилеп жатышат. Ушундай  биздин эгемендүүлүгүбүздү кудайым кут кылсын, ар дайым элибиз тынч аманчылыкта болсун»- деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев.

Майрамдык маанайды Көк-Тонду айылынын тургуну, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын солисти Санжар Төрөгуловдун Базар-Коргон аттуу ыры белек катары райондун элине тартууланды.

«Базар-Коргон ырынын автору жана обону Майрамбек Осмонов. Ал жазда биздин районго келип, кооздугуна суктанып ушул ырды жараттып, мага берип, ырдап жатам. Бул белек бир эле мага эмес Базар-Коргон элине белек болду. Базар-Коргон районубузга ошондой эле Көк-Тонду айылымдын тургундарына эң негизгиси тынчтык, ар кайсы тараптан маданий болобу, саясий болобу экономика тараптан алдыңкы райондордун катарын толуктасын. Башка райондорго үлгү боло турган райондордон болушун каалаймын. Элиме каалоорум токчулук молчулук болсун.»-деди Төрөгулов.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ