“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кыргызстандагы билим берүүнүүн заманбап багыттары

29 Август 2019 жыл 23:10
Көрүүлөрдүн саны: 358

Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунда билим берүү бөлүмү тарабынан август кеңешмеси өттү.

Кеңешмеге «Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары» деп аталып,  Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, акимдин орун басары Замира Адышова, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев ошондой эле мектептердин директорлору, мугалимдер, жана жаңы ишке кирген жаш мугалимдер катышышты.

Атайын райондогу мектептердин мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячыларынын колунан жаралган эмгектерин аким баш болгон коноктор көрүштүКөргөзмөдө кийизден, кагаздан, жыгачтан жасалган буюмдар коюлган.

Көргөзмөнү билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Гүлмира Дооронкулова уюштурду.

«Көргөзмөгө келген ар бир кол өнөрчүнүн өзүнүн өзгөчө алып келген буюмдары бар. Алардын баарын карап чыгып, баа берилди»- деп билдирди Дооронкулова.

№30 Ө.Атабекова инновациялык мектебинин мугалимдеринин эмгектери Өзгөчө «Кумгандагы куюлган суу» аталышындагы көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бурду.Аны №18 «Периште»балдар бакчасынын тарбиячылары жасаган.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды

Август кеңешмесин Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариевдин райондогу жетишкендиктер менен катар 2019-жылдагы өлкөнү санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү жылындагы алгылыктуу иштердин баяндамасы жана мугалимдерге каалоосу айтылды.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Сопубек Сариев: «Бүгүнкү август кеңешмеси билим күнүнө жана 2019-2020-жылга карата өзүбүздүн милдеттерибизди кабыл алдык. Эң негизгиси билим сапатын өнүктүрүү боюнча көп иш-чараларды уюштуруубуз керек. Ар бир мугалим интерактивдүү методдор менен креативдүү сабак өтүшү азыркы замандагы окуучунун көңүлүн өзүнө буруп, жеткиликтүү билим алуусуна шарт түзүүбүз зарыл. Ошондуктан ар бир мугалим жаңы технологиялар менен жаныча сабак өтүп, ийгиликтерге жетишсе дейм. Мугалимдерге ишине ийгилик бекем ден соолук каалайт элем»

«Урматтуу билим дүйнөсүнүн саяпкерлери! Сиздер илим менен билимдин, салт-санаа менен акыл-насаатын түгөнгүс кенчи болуп келесиздер. Сиздердин эмгегиниздер ар дайым урмат-сыйга татыктуу. Мугалимдердин баа жеткис эмгегине, турмуш кыйынчылыгын көтөрө билүү жөндөмүнө, кайрымдуулук жана камкордук касиетине ар дайым таазим кылабыз. Азыркы учурда балдар интелектуалдык жактан өнүккөн. Мугалимдерге талаптар да ошончолук жогору. Келечек ээлери болгон жаштарыбызга, балдарыбызга татыктуу тарбия, сапаттуу билим берүү биз үчүн ыйык милдет жана инсандык парз. Эртеңки жаркын келечек, тарбиялуу коом, өнүккөн өлкөнү куруу үчүн балдарыбызга терең, туура тарбия берүү учурдун талабы экенин эсибизден чыгарбасак. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, татаал ишиңиздерде, жаңы окуу жылында жаңы дем каалаймын. Бекем ден-соолук, үй бүлөңүздөрдө ар дайым жакшылыктар болсун.» деди Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов.

Окууну жаңы аяктап, мектепке мугалим болгон жаш муундар эл алдында ант берип, өздөрүнүн эмгек жолун башташты.

Аларга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев ийгилик каалоо менен биргеликте белектерди тапшырды.

№17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова мектептеги «Өлкөнү санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү» жылындагы аткарылган иштер боюнча доклад окуду. Андагы жетишкендиктер менен катар көйгөйлөр да айтылды. Эң эле азыр технологиянын заманында окуучуларды окутууда керектүү болгон интерактивдүү досканын жоктугун өз докладында айта кетти.

Кеңешмеде алдыңкы мугалимдерге жана тарбиячыларга сыйлыктар берилди. Алар олимпиададан байгелүү орунду жана окуучулары жалпы республикалык тестте жогорку балл алгандар сыйланды.

Кеңешменин жыйынтыгында жаңы окуу жылында мугалимдерге дем берип, дагы да ийгиликтерге жетишине өбөлгө түзүлдү деп ишеништи мугалимдер.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ