“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Дамбаны суу жеп кетти.

28 Март 2017 жыл 21:44
Көрүүлөрдүн саны: 46

Ооган-Талаа айылына дамба курулуп жаткан, бирок аны суу жууп кетти. Дамба али бүтө элек болчу.

WhatsApp Image 2017-03-29 at 00.04.57 (1)

Бул дамба Кара-үнкүр дарясы деген сууга курулуп жаткан. Мурда да бир нече ирет сууну бөлөк жака буруп көргөн.

WhatsApp Image 2017-03-29 at 00.04.57Ооган-талаа айылынын, айыл башчысы Муктар Дөлдөевдин айтымында

WhatsApp Image 2017-03-29 at 00.04.55«Бул дамбанын иши аябай күчтүү кетип атты эле. Бирок күн тез ысып кеткенине байланышту, суу аябай көбөйүп, көтөрүлүп кетип тосмону жеп кетти. Биз мурда койгон 235 габиомдорубуз турат. Быйыл 245 габиом дагы берилди эле, жаңы тело кылып 35 габиомду зупка коюп бүткөн күнү суу басып калды»- дейт.

WhatsApp Image 2017-03-29 at 00.04.53«эми азыр тезирээк кошумча иш чара жүргүзүшүбүз керек болуп турат. Күчтүү техникалар керек болуп атат. МЧС менен сүйлөштүк бүгүн алардан адамдар келишсе элдик жыйын кылып сүйлөшүп ишти бүгүндөн эле башташыбыз керек» дейт айыл башчы Дөлдөев.

Автору: Кушбак Таирбек уулу

Редактору: Заирбек Таирбек уулу

Сынак үчүн