Кызыл-Үнкүр айылында жашаган Зыйнат Алымкулова. Мугалим эле болбостон, өзү жазган китептери жарык көрүп баштады.
Зыйнат Алымкулова 1965-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Орток айылында жарык дүйнөгө келген.
Мектепти бүткөндөн кийин А.С.Пушкин атындагы атайын билим берүү орто окуу жайына окуп, башталгыч класстар боюнча адистикти бүткөн.Ал окууну бүткөндөн кийин Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр айылына турмушка чыгып ошол жердеги Алыкул Осмонов атындагы мектепте иштеп калган.
Азыркы учурда ал мектеп, Садык Ташиев атындагы мектеп болуп калган.Андан кийин билимин өнүктүрүү үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филъфакта кыргыз-тил, адабият факултетин бүтүргөн. Азыркы учурда №21-С.Ташиев мектебинде кыргыз-тил сабагынан берип келет.
Зыйнат Алимкулова эжекейдин айтымында » мен үчүн балдарга билим берүү бакыт. Ошол менен бирге эле кээде ырларды жазып жүрчүмүн. Мен кээде эле мектепте ыр жазып бериң десе жазып берип койот болчум, китеп жазам деп ойлогон эмесмин. Жакынкы учурда китептерим жарык көрүп баштады.Алар «Махабат сапары» «Мугалимге усулдук кеңеш» «Ырларым менин сырларым» аттуу китептерим жарык көрдү-дейт.
Мен жакынкы учурларда дагы бир чыгарма жазып баштадым. Ошондой эле «Махабат сапары» деген китебиме бир повест кошуп басмадан чыгарып элдерге берем. Кайра-кайра эле сурап жатышат-дейт.
«Мен көптөгөн ардак граматаларды, сыйлыктарды алып сыйланып келем.Элиме айтаарым ар дайым окуугула. Элибиз аман болсун»-дейт Алыкулова.
Автору: Нуркан Айдарбекова
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн