Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр айылында 1989-жылдан бери бала бакча иштеп келүүдө. Ал азыркы учурда заманбап бала бакча.
Бул бала бакча негизинен 1956-жылы ашар тарабынан курулган. Бирок бала бакча болуп 1989-жылы ишке берилген.
Ал эми ушул бала бакчада 15 жылдан бери иштеген Жамал Карымшакова эженини айтымында ;
» мен бул бала бакчада 15 жылдан бери иштеп келем. Мурун бул бала бакчанын абалы аябай начар болчу. Крышасынан тамчы агып турчу. Эскилиги жетип калган эле. Бирок 2016-жылы бул бала бакча толук капиталдык ремонттон өттү. Бардык нерсеси алмаштырылды. Азыркы учурда заманбап бала бакчалардын катарына кирет» дейт.
Ал эми айыл тургуну Айнура Капарованын айтымында » бул бала бакча аябай чооң кызмат кылып келүүдө. Балдарыбыз жаш кезинен билим алышат. Азыркы учурда абалы жакшы бардык шарттар каралган» дейт.
«Бул бала бакча 12бөлмөлүү, балдар ойной турган жерлери, уктай турган жерлери баары бар, мындан бул жагына да айылыбыз өнүгүп жүрө берсин»-дейт Карымшакова.
Автору: Нуркан Айдарбекова, Расул Шайырбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн