“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кызыл-үңкүр айылынын кооз жерлери

27 Март 2017 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны: 120

Базар-коргон районуна караштуу Кызыл-үңкүр айылына саякат. Биз Кызыл-үңкүр айылынын кооз жерлерине саяккат жасап келдик.

20170325_120537

Бул айылда бир мектеп бар. Бирок бул айыл чоң жана кооз айыл. Ошондуктан ал бир мектеп бул чоң кооз таштын жанында орнотулган. Ал мектепке айылдын бардык бурчунан келет. Себеби ал жер айылдын сентири болуп саналат.

20170325_115501

Бул айыл чоң болгондуктан айылдын баш жагына дагы бир мектеп түшүп жатат. Башында айтып өткөндөй эле бул айылдын кооз жерлери көп экен. Мисалы: жүрөк таш, бул чоң таш, бул таштын түбүндө үңкүр да бар экен.

20170325_090931

Азыр эле айтып өткөн жүрөк таш, ал бул чоң таштын ортосунда туруп калган. Эң эле кызыгы ал жүрөк ташты али бери эч бир адам изилдеген эмес.

20170325_113804

Кызыл-үңкүр айылынын тургуну Жамал Кармышакованын айтымында,

20170325_124640

Мага бул айыл абдан жагат. Мага кантип эле өзүмүн туулуп өскөн айылым жакпай койсун. Мага бул айыл таза абасы менен, таза суусу менен, мына бул таштары менен, айрыкча бул таштын ортосундагы жүрөк ташы менен мага аябай жагат.

Дагы бир Кызыл-үңкүр айылынын тургуну Бүркүт Турдукуловтун айтымында,

20170325_130301

мага өзүмүн айылым абдан жагат. Мен өзү бул айылдын кулуну болом. Азыркы кезде бул айылда айдоочу болуп иштеп келем. Эмнеси болсо да өзүмүн айылым жагат.

Дагы ошондой эле бул эле айылда бир бала бакча, маданият үйү, оору кана бар.

20170325_115911

20170325_123535

Автору: Уркуя Камалова, Назми Таалай кызы

Редактору: Адилет Канат уулу

Сынак үчүн