“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-талаа: Эжекейлер таймашы

26 Март 2017 жыл 12:41
Көрүүлөрдүн саны: 45

Ооган-талаа айылынын №17-С. Далбаев гимназия мектебинин эжекейлери волейбол боюнча таймашышты. Эжекейлер төрт командага бөлүнүштү.

Негизинен жети мектеп чакырылган бирок алар келген эмес. Ошол үчүн өздөрү төрт командага бөлүнүшкөн.Алар: 1)Бүркүт, 2) Ынтымак 3) Шумкар 4) Тулпар командалары.

IMG-20170322-WA0002

Бул оюнга 2000 акча каражат сарапталган. Ал акча каражатты айыл өкмөтү каржылады. Баш байге биринчи орунга 1000 сом, экинчи орунга 500 сом, үчүнчү орунга 300 сом болду.

IMG-20170322-WA0005

Бүркүт командасынын катышуучусу Гүлназ Камбарали кызынын айтымында, бул оюн абдан жакшы өттү. Мага жакты. Дагы ушундай кызыктуу оюндарды уйуштуруп турабыз.

IMG-20170322-WA0004

Биринчи орунду «Бүркүт» командасы алды, экинчи орунду «Тулпар «командасы алды, үчүнчү орунду «Ынтымак» командасы алды.

IMG-20170322-WA0006

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу                                                                                  Редактору: Адилет Канат уулу                                                                                    Сынак үчүн