“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Кызыл-үнкүр: Журналистика сабагы

26 Март 2017 жыл 11:16
Көрүүлөрдүн саны: 233

Базар-коргон районуна караштуу Кызыл-үнкүр айылында журналистика сабагы өтүлдү. Ал сабакты Ооган-талаа айылынын кабарчылары өтүштү.

DSC01162

Бизге бул сабак аябай жакты. Биз бул сабака кызыкканыбыздан келдик. Мен журналистика сабагына аябай кызыгат болчум. Ооган-талаадан журналисттер келип окуткандан кийин андан да кызыгып калганын айтты Кызыл- үнкүр айылынын 10-а классынын окуучусу — Уулкыз Абазбекова.

DSC01169

Ооган-талаа айылынын кабарчысы Заирбек Таирбек уулунун айтымында, биз бул сабактын өткөнүбүздүн себеби бул окуучулар өздөрү кызыгышып бизди чакырышты. Негизинен биз 2-күн сабак өттүк.

DSC01163

Биз негизинен 18окуучуга сабак өтүк. Алар 7-8-9-10-классынын окуучулары. Биз биринчи күнү онлайн журналистика боюнча толук таныштырып өтүк. Экинчи күнү Практикага балдарды жибердик дейт- Адилет Канат уулу.

DSC01165

Биз бүгүндөн баштап дагы журналистика боюнча терең билим алгыбыз келет. Айылыбыздагы бардык жаңылыктарды сайттарга чыгарып айылыбызды өнүктүргүбүз келет дейт — Абазбекова.

Автору: Эрмек Үсөн уулу , Расул Шайырбек уулу                                                       Редактору: Заирбек Таирбек уулу

Сынак үчүн