Базар-коргон районуна караштуу Кызыл-үңкүр айылынан чыккан таланттуу ырчы Эмил Назиров. Ал 2жылдан бери ар бир ырды гитара менен ырдап келүүдө.
Эмил 2жылдан бери гитара чертет. Ал гитара менен кайсыл ырды укса ошол ырга күүлөп ырдап кете берет. Мындайча айтканда гитара анын жан дүйнөсү.
Эмил Назиров 1999-жылы 1-февралъда жарык дүйнөгө келген. Ал азыркы убакта №21-С.Ташиев атындагы орто мектепте 11-классында билим алууда.
Мен гитара черткен сайын кайра-кайра чертким келе берет. Мен ар түрдү сынактарга катышкам. Гитара менен өзбек, түрк, орус, казак, индия ошондой эле кыргыз тилиндеги ырларды ырдайм. Келечекте чооң бизнесмен болгум келет-деп өз оюн билдирди Эмил Назиров.
Автору: Мамырбек Мамырканов Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн