Ооган-талаа айылынын №17 С.Далбаев гимназия мектебинин 9-а классынын окуучулары райондук деңгээлде ачык сабак өтуштү. Алардын темасы «Кыргызстандын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында»
Райондон келген метадиц Айсулунун айтымында «Бул ачык сабакты абдан жакша өтүп беришти. Балдардын билим деңгээли да аябай жакшы экен. Суроолорго так жана таамай жооп берип жатышты. Кыскасы бул сабак мага аябай жакты. Биздин Кыргызстаныбызда ушундай билимдүү балдарыбыз көбөйө берсин. Бул окуучулар жакшы даярданганы үчүн райондук деңгээлге өттү»-деди
9-классынын окуучусу Уларбек Нурадил уулунун айтымында,
«Биз бул ачык сабакка абдан көп даярдандык. Мен ишенгенмин районго өтөбүз деп, биз ушинтип көп даярганыбыздан районго өттүк. Дагы алдыда көп сынактардан өтөбүз деген ойдомун»-деди Нурадил уулу.
Бул класстын өзгөчөлүгү сабакты слайт менен өтүштү. Ошондой эле ар бири согуш туралуу ыр айтышты дейт — Айсулу.
Автору: Кушбак Таирбек уулу Редактору: Заирбек Таирбек уулу Сынак үчүн