Адамдарга эң биринчи жардам көрсөткөн тез жардам кызматы. 20жылдан бери кызмат кылып келүүдө.
Алмаз Карымшаков Могол айылдык участкалык тез жардам бөлүмүндө диспечер болуп иштейт. 1988-жылы Кызыл-кыядагы медициналык университетин бүтүргөн. Тез жардам бөлүмүндө 17жылдан бери иштеп келет.
Менин кесибим өзүмө аябай жагат эмнеге дегенде ким бир кесипти сүйүп окуса ал иштен эч качан чарчабайт мен өзүмдүн кесибимди аябай жакшы көрөм. Диспечердин кызматы бир адам ооруп бизге келип калса биринчи жардамды көрсөтөм дейт-Карымшаков.
Ал эми айыл тургуну Жумакан Төрөбекованын айтымында: Тез жардам аябай жакшы кызмат кылып келе жатат. Балдарым же кыздарым ооруп калса чалсак эле келип биринчи жардамын көрсөтүшөт дейт.
Күнүнө бизге ар түрдү адамдар келет. Ошондой эле бир күндө 20га жакын адамга биринчи жардамды көрсөтөбуз дейт — Алмаз Карымшаков.
Автору: Мамырбек Мамырканов Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн