Ооган-талаа айылында Кызыл-ай коому тарабынан кабинет ачылган. Аны мектеп мугалими Хасан Эгембердиев ачкан.
Биз ал кабинетти ачкан Хасан Эгембердиев агайга суроо бердик.
Бул кабинет качан ачылды? Бул кабинет 2016-жылы ноябръ айында ачылган. Эмне үчүн ачылды? Ачылганынын себеби айылдагыларга жардам берүү.
Ким ачты? Бул кабинети мен Хасан Эгембердиев ачтым. Канча каражат кетти? Бул кабинетти ачканга 200,000миң акча кетти. Аны кайдан алдыңыз? Бул каражатты Кызыл Ай коому өзү каржылады..
Сиздер эмне иш менен алектенесиздер? Бул жерде иштегендер элдерге жардам беришет жер көчкү, жер титирөөлөр болсо бекер жардам беришет.
Бул убака чейин кандай иштерди жасадыңыздар? Бул убака чейин биз Ооган-Талаа айылында сел жүрүп үйлөрдү суу каптап кеткенде биздин жамаат үйлөргө жардам беришти. Келечекте кандай иштерди жасоо пландарыңыздар бар? Келечекте ар дайым айылга эле эмес коңшу айылдарга да жардам берели деп жатабыз.
Керектүү буюм-жарактарды кайдан аласыздар? Ким алып берет? Бизге керектүү каражаттардын баарын Кызыл-ай коому берген эч ким жанынан эч нерсе албайт.
Сиз бул кабинетти ачканга чейин эмне иш менен алектенет элеңиз? Мен мектепте көп жылдан бери дене-тарбия мугалими болуп иштейм. Азыркы учурда да мугалим болуп иштеп келем.
Автору: Кушбак Таирбек уулу Редактору: Заирбек Таирбек уулу Сынак үчүн