Ооган-Талаа айылына таштанды алып кетүүчү машина жол оңдолсо деле келген жок. Биз ошол машина качан келет? канча сом акча каражат төлөнөт? Элдерге алдын-ала эскертүүлөр айтылып жатабы? деген суроолорго жооп алдык.
Ошол машина келбегендиктен элдер таштандыларын айылдын четине алып барып таштап жатышат. Ушул машина жакын арада келээрин билдирди Турдукулов. Бул машинага таштандыларын жүктөгөн үй-бүлөө 20-30сом акча берет.
Айыл өкмөт башчысы Эркинбек Турдукуловтун айтымында,
«Бул таштандыларды атайын таштоо үчүн Чкалов айылына яма курулган. Ошол жерге баруучу жолдогу көпүрө селдин айынан коопту абалда болуп калган. Эми ошол жол оңдолуп машина каттап калат. Кудай буйруса жакында машина келип калат»-деди Турдукулов.
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Редактору: Адилет Канат уулу
Сынак үчүн