“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды

22 Март 2017 жыл 14:15
Көрүүлөрдүн саны: 137

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында малдарга бирка басуу иштери башталды. ЖМБнун кабарчылары айыл өкмөт башчысы менен маек курду. 

20170318_150048

Быйыл январь айынан баштап малдарга бирка басып жатышат. Ооган-Талаа айылына 800 бирка келген. Дагы биркалар келсе калган малдарга да бирка басышат. малдан сырткары койлорго да бирка басууда. Бир малга 70 сом акча каражат сарпталууда.

20170318_150103

Айыл өкмөт башчысы Турдукулов Эркинбектин айтымында:

20170112_153948

-Мына быйыл Ооган-Талаа айылында бирка басуу иштери жүрүп жатат. Булбирка басуу үчүн бир малга 70 сом акча каражат сарпталып жатат. Бирка 40 сом болсо аны баскан акысы 30 сом ошондо баары биригип 70 сом акча кетет. Бирок малдарга толугу менен бирка басыла элек. Кудай буйруса жакында басып бүтөбүз.

20170318_150054

Автору: Кушбак Таирбек уулу

Редактору: Заирбек Таирбек уулу

Сынак үчүн