“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Нооруз майрамы

22 Март 2017 жыл 18:10
Көрүүлөрдүн саны: 358

Базар-Коргон районунда Нооруз майрамы өткөрүлдү. Бул салтанат акимчиликтин алдында болуп өттү.

20170321_101645

Бул салтанат акимчилик тарабынан каржыланды. Ошондой эле бул салтанатты көркүнө чыгарган кыргыз бийлерин ар бир мектептен келген окуучурал бийлешти. Жалын бийи жана жарыш бийин 600 окуучу бийлешти.

20170321_104022

балдар бий бийлеп эле токтоп калган жок. Дагы бөлөк 600 окуучу манас айтышты.

20170321_093423

20170321_093006

Бийлерди уюштурган Зулуш Жумалиевтин айтымында:

«Ар бир салтанаттын көркү бул бий болуп саналат. Салтанатта бий болсо анда салтанан кызыктуу, шаңдуу өтөт. ошондуктан биз ар бир мектептен окуучуларды чакырып жалын бийин, жарыш бийин бийлөөнү үйрөтүп ушул салтанатта ортодо бийлеттик. Балдар аябай Жакшы бийлешти. Бир эле бий бийлетпей манас да айттырдык балдарга. Негизи салтанат көңүлдү өттү»-деди Жумалиев.

20170321_124152

Бул салтанатта алас айтылды. Сүмөлөк болду. Каада салттар көрсөтүлдү. Улуттук оюндарды ойношту мисалы:жоолук таштамай, мышык чычкан ж.б.

20170321_102243

20170321_102415

Карате оюндарын да карате мектебинде окуган балдар аткарып беришти. Жаз келгенин билдирип дыйкандар чагылдырылды.

20170321_111112

20170321_101903

Нооруз салтанатынын көрүүчүсү Бактыгүл Өмүрзакованын айтымында, Бул салтанат аябай жакшы, көңүлдүү өтүп жатат. Мага аябай жакты. Мен бул майрамда үйдө олтура бербей ушул балдарымды алып келип ушу салтанатты көргөзүп көңүлүн ачып, кыскасы майрамды абдан көңүлдү өткөрүп жатабыз.

20170321_103240

20170321_124224

Автору: Тимурлан Мелисбек уулу

Редактору: Адилет Канат уулу

Сынак үчүн