Ооган-талаа айылынын №17 С.Далбаев мектебинде Нооруз майрамына карата каада салттар өткөрүлдү. ЖМБдун кабарчылары сиздер менен болмокчу.
Бул майрамга 8-9-10-11-класстарынын окуучулары катышышты. Ар бир класстар ар түрдүү каада-салттарды аткарышып беришти. 11-класстар 10-класстарга куда түшүп келишти, ал эми 9-класстар бешик той берди, 8-класстар болсо тушоо кесүү салтын өткөрүштү.
Бүгүнкү майрам аябай жакшы болуп өттү бардык класстар өздөрүнүн чеберчиликтерин жакшы көрсөтө алышты мен көрүп олтуруп аябай таң калдым деп өз оюн айтты- мектеп директору Өмүрзаков Давлет эжеке.
Ошондой эле мектепте көп жылдан бери иштеген Азимкан эжекенин айтуусу боюнча — бул майрам мага аябай жакты бирок окуучулар көп даярданбаганы көрүнүп турат жакшы көңүл коюп даярданышса болмок экен деп айтты.
Бул майрам жылда эле өтүп турат болчу бирок бир жыл болбой калган эле быйыл кайрадан өткөзүштү ар дайым болуп туруусун каалайм деп айтты- Өмүрзаков.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн