Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы Баокол көпүрөсү оңдолду. ЖМБнун кабарчылары айыл өкмөт башчысы Турдукулов Эркинбек менен маек курдук.
Бул көпүрө жаман абалда болчу. Бул көпүрө айыл өкмөт тарабынан оңдолду. Бирок толугу менен оңдоло элек. Кээбирки такталары толук эмес. Ошол такталарды кар кетери менен коёрун-Турдукулов эркинбек айтты.
Көпүрөнү оңдо үчүн 20 000 сом акча каражат сарпталган. Ал акча каражатты айыл өкмөт фондунан каржылады.
Баокол айылынын тургуну Алиев Канаттын айтымында:
«Бул көпүрө оңдолгондон кийин бизге кыйла жакшы болуп калды. Мурда аябай эле начар болчу. Адам өто албай көп кыйынчылыктар туулду. Азыр кыйла жакшы.
Айыл өкмөт башчысы Турдукулов Эркинбектин айтымында:
— Бул көпүрөнү оңдоодо МЧС тарабынан семент, арматура жагынан каржыланды. Калгандарын өзүбүздүн айыл өкмөт фондунан каржыладык. Дагы айылдагы кемчилдиктерди оңдойлуу деп жатабыз. Мына ушул айылдагы дамбаны оңдоп жатабыз, Ооган-талаа айылындыгы «тоо гүлдөр» бакчасынын чатырын жыңылайлы деп турабыз»
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу