“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Чатыры түшүп калган милиция бөлүмү.

15 Март 2017 жыл 9:12
Көрүүлөрдүн саны: 179

Быйылкы кыш оор болгондугуна байланыштуу Ооган-Талаа айылындагы милиция бөлүмүнүн имаратынын чатыры кулап түшкөн.ЖМБдун кабарчылары сиздер менен болмокчу.

20170313_104622

Милиция бөлүмүнун кызматкери Сатаров Илгиздин айтымында: имарат эскилигине жетсе да биз бул жерде иштеп жатканбыз. Бирок быйылкы жылы кар оор түшүп, имараттын чатыры кулап түштү деп оз оюн билдирди.

20170313_104724

Ал эми айыл өкмөт башчысы Турдукулов Эркиндин айтымында: Бул имарат негизинен доктурдун бир бөлмөсү болчу 3-4жылдан бери абалы начарлап калган эле быйылкы кыш оор болгондуктан таптакыр иштен чыгып калды. Имараттын салынганына 25жылдан ашты ошондон бери элге кызмат кылып келүүдө .

20170313_104705Биз азыркы учурда Ооган-талаа айылына келип-кетип иштеп жатабыз жаңы иш кана курулуп калса аябай жакшы болот эле, бул жерде азыркы учурда эки милиция иштеп жатабыз деп өз оюн билдири — Сатаров.20170112_153948

Быйылкы жылы бул имаратты бузуп жаңы салып бүтүрөбүз деп жатабыз акчасын болсо айыл өкмөттүн фондунан алабыз деп айтты айыл өкмөт башчысы — Турдукулов.

Автору: Тимурлан Мелис уулу

Редактору: Адилет Канатбек уулу

Сынак үчүн