Базар-Коргон районуна караштуу Правда айылында » Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мугалимдер арасында сынак болуп өттү. Ал сынака 3 мектеп гана катышты.
Бул сынака 3 мектеп катышты. Алар Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясы, Ташиев атындагы орто мектеби, №15 Жумалы атындагы орто мектеби. Бул сынакка адеп сабагынан берген мугалимдер катышышты.
Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин химия жана биология сабагынан берген Нусида Базаркулованын айтымында:
«Бул сынактын себеби өлкө башчыбыз «ыйман, адеп жана маданият» жылы деп белгилегенине байланыштуу мектептер арасында сынак өткөрдүк. Адеп сабагынан берген мугалимдер өздөрүнүн сабагында адеп, ыйманды кандай түшүндүрүп беришет, ушул кезге чейинки аткарган иштерин канчалык дээңгелде аткарышты деген максатта болду».
Бул сынакта аткара турган тапшырмалар төмөндөгүдөй:
1-Өзүн тааныштыруу, 2-Кыргыз элинин каада салттары, 3-Баанер чечмелөө.
Жеңүүчү Назгүл Турдуматованын айтымында:
«Мен биринчи местаны аламын деп ойлогон эмесмин. Даярдык чынын айтсам болгон эмес. Биз кабарды кече эле уктук. Анан ошол биздин мектепте болуп жатса адеп мугалими болуп туруп катышпасам болбойт деп бул сынакка катыштым. Мен жеңгенде аябай таң калдым кубандым даярданбай эле жеңсе болот экен дедим».
Субаналиева Венеранын айтымында:
«Сынак абдан жакшы өттү. Бирок мугалимдер аз болгондуктан бир ааз кызыксыз болуп калды негизи сынак жакшы эле өттү. Калыстар тобу туура баа беришти деп ойлойм. Жеңген мугалим татыктуу жеңди себеби ал биздин арабызда улуу эже эле ошондуктан жеңишке татыктуу жеңди».
Автору: Тимурлан Мелисбек уулу
Рекдактору: Адилет Канант уулу
Сынак Үчүн