“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Өнөрдү барктаган инсан

7 Март 2017 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны: 187

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында 14 жаштагы бала гезиттен тарелка жасады. Бул анын биринчи жолу гезиттен тарелка жасашы.

20170307_192218

Бул тарелканы жасаш үчүн 3-4 саат сарпталган. Ага 10 гезит кеткен. Күндөлүк турмуштагы эле колдонгон гезиттерди алган. Тарелканы жасаш үчүн гезит, айымдар колдонгон эле тырмак боегу, кагаз желими, ручканын запасы жана ошондой эле маркер керектелет.

20170307_192015

Тарелканы жасаган Адилет Канат уулунун айтымында:

2017-03-07-20-04-20-707

«Мен бул гезиттен  жасалган тарелканы бир жолу телевизордон көргөм. Анан жакында мен дагы жасагым келип интернет булактарынан издеп табып анан мен дагы жасадым. Муну жасаш үчүн эч кандай каражат кеткен жок. Себеби бул буюмдар үйдөгү эле буюмдар. Муну жасаганымдын себеби жөн гана өзүмдүн өнөрүмдү текшерип көрдүм. Мен бул тарелканы күндөлүк турмушта эле колдоном. Муну белеке берсе да болот. Эми мен алдыда чакан гана сандыкчаларды жасайын деп турам».

 

20170307_192039

Автору: Тимурлан Мелис уулу

Редактору Адилет Канат уулу

Сынак үчүн