“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

№17-мектепте «мектебимдин пээрилери» аттуу сынак өткөрүлдү

7 Март 2017 жыл 12:50
Көрүүлөрдүн саны: 158

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде 8-мартка карата «мектебимдин пээрилери» аттуу сынак өткөрүлдү. Ал сынакка 8-9-10-11-класстарынын кыздары катышты.

20170306_154447

Бул сынакка коюлган баш байге саат жана ардак грамата болгон. Кыздар сынакка класс жетикчилер тарабынан тандалып алынган. Ар бир класстан 6дан гана кыз катышкан. Баш байгеге 500 акча каражат сарпталган. Ал акча каражатты мектептин фондунан алган.

20170306_155156

20170306_155838

Тарбия иштери боюнча директордун орун басаары Гүлназ Камбарали кызынын айтымында:

20170307_142938

«Бул сынактын себеби 8-мартка карата «мектебимдин пээрилери» аттуу сынакты уюштурдук. Бул сынак эми жылына бир жолу 8-мартта болуп турат. Сынактын аталышы жылда өзгөрүп турат. Былтыр «пээри 2016» деген сынак болгон. Алдыда дагы 21-мартка карата «кыргызымдын каада салттары» деген сынак болот. Дагы 9-май жеңиш күнүнө карата «парат» сынагы бар дагы алдыда сынактавр көп кудай буйруса».

20170306_172258

11- классынын окуучусу Алтынкыз Калдарованын айтымында:

«Биз бул сынака бир эки жумадай даярдандык. Бул ыр бийлерди биз интернет булактарынан алганбыз. Чынында эле биз жеңебиз деп келгенбиз анан жеңдик».

20170306_172225

Бул сынак биздин мектепте биринчи жолу болуп жатат. Сынактын тапшырмалары саламдашуу, жеке номер, кыргыз бийи, чач жасалгалоо, салат жасоо болду.

20170306_154723

8-классынын катышуучусу Элзат Бактияр кызынын айтымынды:

Бул сынак мен үчүн абдан жакшы өттү. Мен калыстар тобу туура баа беришти деп ойлойм. Биринчи орунду алган класс биринчи орунга татыктуу болушту. Себеби алар мектепти аяктап жатышат мындайча айтканда алар биздин бүтүрүүчүлөр. биз 3-орунду алганыбызга албетте тарынбайбыз себеби биз 3-орунга татыктуубуз деп ойлойм.

20170306_162950

Автору: Тимурлан Мелис уулу

Редактору: Адилет Канат уулу

Сынак үчүн