“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун элесине арналган эстеликти ачуу аземи өттү

4 Март 2024 жыл 21:43
Көрүүлөрдүн саны: 203

Базар-Коргон районундагы сейил багына аты ыйгарылган мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун элесине арналган эстеликти ачуу аземи райондун борбордук аянтында өттү.

Эстеликти ачуу аземине Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков, Базар-Коргон райондук аксакалдар Кеңешинин төрагасы Абдибаит Тойчиев, Ош облусунун Кара-Кулжа районунан келген Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендеринин кавалери Абдыкаар Абдырахманов, ардагер Бегибай Жаңыбаев, Ош шаарынан келген коомдук ишмер Абдырай Айдаров жергиликтүү эл, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

иш чараны Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов ачып берди

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдундун өмүрү жана эмгек жолуна арналган иш чараны ачык деп жарыялап, Үсѳн Сыдыковдун эстелигин ачуу үчүн уулу Бакыт Сыдыковду, Абдибаит Тойчиевди чакырды.

Эстеликтин жапкычын ачкандан кийин, иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүл чамбарларды коюшту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Ата-Журт Кыргызстан фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Ата-Журт Кыргызстан фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков атасы Үсөн Сыдыковдун жаркын элесине арналып өткөрулүп жаткан иш чара үчүн ыраазычылык билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, Жаныш Алимбаев, Ѳзгѳн районунун мурунку акими Үсөнбай Абдраимов, Азимжан Божиев, Момунали Абаров, Райкан Дыйканов, Төлөнбай Артыкбаевдер Үсөн Сыдыковдун ишмердүүлүгүн, жаркын элесин эстеп сөз сүйлөштү.

Үсөн Сыдыков жалпысынан кыргыз элине, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы опол-тоодой. Совет мезгилинин доорунда өзү башкарган Базар-Коргон, Лейлек, Кара-Суу райондорунда үлгү болоорлук чоң демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашырган. Аймактар күчтүү болуп өнүкмөйүнчө мамлекетибиз күчтүү болуп өнүкпөйт”- деп дайыма айтып келген.

Анын өмүрү ошол аймактарда эмгектенүү менен өттү. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Үсөн Сыдыков кыргыз элине, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон эмгегин эл баалайт, сыйлайт жана унутпайт. Улуу адамдын эмгегине таазим этебиз!

Гулназ Камбарали кызы, Заманбек Кеңешбеков