“Дискриминацияга каршы күрөшүү күнү” жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө 1-мартта белгиленет.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ВИЧ/СПИД боюнча Биргелешкен программасы (ЮНЭЙДС) 2013-жылдын декабрь айында Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата “Декскриминацияга жол жок” кампаниясын баштаган. Майрам 2014-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД (ЮНЭЙДС) боюнча биргелешкен программасынын аткаруучу директору Мишель Сидибе тарабынан негизделген.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык Кыргызстан боюнча ВИЧ позитивдүү жарандардын саны – 12495 болсо, анын 7837 эркектер, ал эми 4658и аялдар. Балдар арасында ВИЧ менен жашагандардын саны 761 болгон. Аталган борбордун статистикасына таянсак Жалал-Абад областы боюнча 1439 катталса анын 782си эркектер болгон.
«ВИЧ бул кадимки оорулар сыяктуу эле дайыма даары ичип, анализ тапшырып өмүрүнүн аягына чейин жашаса болот»- деп билдирди Жалал-Абад областык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун диспасердик бөлүмүнүн бөлүм башчысы Мыктыбек Мамашов.
ВИЧ менен жашоо” аттуу подкастында ВИЧ позитивдүү жарандардын жашоосу, дарылануусу, жакындарынын жана дарыгерлердин колдоосу тууралуу айтып берди. Кызыктуу жана таасирдүү подкасты угуңуз:
«ВИЧ мене жашоо» подкастын калтырбай угуңуз.
Гулназ Камбарали кызы