“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон районундагы 169 Ооган согушуна катышкан жоокерлерден кабар алынды

15 Февраль 2024 жыл 16:33
Көрүүлөрдүн саны: 334

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан советтик армиянын Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгы  өткөрүлдү

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчыс-аким Мирлан Карагулов жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Ооган жергесинде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл бурулуп, согуштун катышуучуларына, көзү өткөн жоокер интернационалисттердин үй-бүлөлөрүнө урмат-сый көрсөтүү максатында материалдык колдоолор көрсөтүлдү.


Мындан сырткары ден соолугу жабыркаган Ооган согушунун жоокерлерин медициналык кароодон өткөрүштү. Ар бир мектепте Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуулар болду. Бүгүнкү күндө ройондун аймагында 169 Ооган согушунун катышуучулары бар.