Базар-Коргон райондук администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде «Ч.Айтматов жана биз» аттуу дебат оюну Ооган-Талаада уюштурулду.
№17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакованын жана кыргыз тили мугалими Турдукан Момкеева, Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун координатору Гулназ Камбарали кызы, мектептин дебат клубунун мучөлөрү менен бирдикте буйруктун негизинде дебат оюнун өттү.
Дебатта Ч.Аййтматовдун чыгармаларынан «Бетме-Бет», «Жамиля», «Ак кеме» повесттериндеги каармандар тууралуу талкуу болду.
1-турда Жамийланын Данияр менен качып кеткени туурабы?-деген темада дебат ойнолсо, 2-турда «Бетме-бет» повестиндеги Исмайылдын согуштан качып кетишин туура эмес деп эсептейт.
Финалда болсо «Ак кеме повестиндеги Нургазыга атасы тууралуу чындыкты айтыш керек-деген резалюцтялардын негизинде дебат өз максатын толук жетүү менен аяктады.
«Дебатка окуучулар жакшы даярданып, кызыгуу менен даярданышканы көрүнүп турат. Балдар ара тараптуу ойлоно алат жана өз оюн так туура айта алышат. Дебаттын жүрүшүндө окуучулар көп изденгендиги байкалды. Дебат оюн гана эмес окуучуга жаңы күч, ой жүгүртүү, балдарды ораторлукка, эл алдында коркой, өз оюн так айтууга тарбиялай тургандыгын биздин окуучулар далилдешти. Бир эле оюн менен чектелбестен мектептин дебат клубу ар жума сайын оюн өткөруп тургула деп кеңеш бердим»-деди №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова.
«Биз дебатка даярданып жатып, үч повестин кайра окуп чыктык, киносун көрдүк, интернет булактарынан жаңы маалыматтарды издедик. Демек биздин ой жүгүртүүбүз өсүп, чыгармаларды терең изилдей алдык -деди дебатчы Роза Анаркулова.
Дайыма дебат ойноп жүргөндүктөн бул оюн көп деле кыйынчылыкты жараткан жок деп өз оюн айткан Нуриза Калдарбекова сөзүндө төмөндөгүлөрдү кошумчалады «Ар тараптан суроолорубузга жооп берип, жаңы аргументтерди тапканы жардам берип турган кыргыз тили жана адабияты мугалими Турдукан Момкеевага ыраазычылык билдиребиз».
Оюндун жүрушүндө:
1-орун Арууке Бообекова, Жасмина Суёркулова
2-орун Роза Анаркулова, Айбарчын Сабиржанова
3-орун Элзар Сатимкулов, Тахмина Суёркуловалар алышты.
Ал эми «Мыкты спикер» наамы Арууке Бообековага ыйгарылды.
Дебаттын жүрүшү боюнча төмөндөн көрүңүз:
Гулназ Камбарали кызы