Үй-бүлөлүк мамилелер ар бир адамдын жашоосундагы татаал жана маанилүү бөлүк болуп саналат.
Келиндер менен болгон мамиледе тажрыйбага ээ болгон Давлет Өмүрзакова менен Эркин Турдукулов балдарынын болочок жубайлары менен кантип жылуу, ынтымак мамиле түзүп, үй-бүлөдө гендердик теңчиликти сактоонун сырлары менен бөлүшөт.
Давлет Омурзакованын айтымында, келин биринчи кезекте үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү, аны өз кызындай кабыл алып, сүйүүгө муктаж.
«Мен келиним келгенде өтө толкундангам. Келинди кубаныч менен тосуп алганбыз. Ушул келин менен үйгө кошо кут-береке келсе экен, ак жолтой келин болсо экен, келиним мен ойлогондой келин болуп бизге келин эмес кыз болсо экен деген тилек менен келин алганмын. Мына азыркы күндө Эркин экөөбүз эки келин алдык. Эки келинибиз тең өзүбүз ойлогондой келин болду. Келип тосуп алып ак жоолук салган күндөн баштап эле ушул келиндерди өзүмдүн кызымдай кабыл алдым»-деди Омурзакова.
Үй-бүлөдө гендердик ролдор ийкемдүү болуп баратат, эң негизгиси тең укуктуу мамилелерди түзүү. Давлет Омурзакова үй-бүлөдө гендердик стереотиптерге орун жок экенин баса белгилейт. «Тескерисинче, жынысына карабастан ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн инсандыгын урматтоо зарыл. Бул дени сак жана тең салмактуу мамиле үчүн негиз түзөт-деди.
» Келген күндөн баштап эле келиндерим өздөрү билип кызматын аткарышты. Ал эми мен болсо аларга кайнене эмес апа болоюн деп чечтим. Ошол келген күндөн баштап эле аларга билбегенин үйрөттүм. Билбегенин үйрөтүүдө дагы билбей туура эмес кылган иштерине ачууланбай, ошолорго отургузуп туура түшүндүрүп, бул ишти кандай жол менен жакшы алып кетсе болот деп үйрөттүм. Бир да жолу келиндерим менен каттуу айтышып же болбосо туура эмес жасаган иштерине терс сын-пикир берген жокмун. ошолорду түздөп-ондоп кайсы билбиеген жерлерин үйрөтүп өзүмдун энелик насаатымды айттым. Мисалы кээ бир кайненелер ушул келин эртеменен эрте туруш керек эшик шыпырыш керек. Анан эшиктеги иштерди кылыш керек дешет. Менде андай болгон жок. Өзүм деле жаш болгом, жаштыгымда эрте менен эрте тургум келбей уйкум келет. Мен ошол жаштыгымды эстеп ушул келиндер деле эртеменен эрте туруп бүтүрбөсө дагы ошол ишти, тургандан кийин деле бүтүрүп койсо болот деген ой болду менде. ошон үчүн аларды сен эрте туруп иш кыл же болбосо эшик шыпыр деген жокмун. Бирок келиндерим өздөрү билип эле иштерди аткарып жатышты.
Давлет Өмүрзаков менен Эркин Турдукуловдор келиндери үй-бүлөнүн маанилүү бөлүгү экенин айтышат. Бири-бирин түшүндүрүү жана түшүнүү — ийгиликтүү мамиленин ачкычы. Байланыш жана көз караштарды урматтоо маанилүү-деп эсептешет.
«Мени келиндериме эң ыраазы болгонум мен конок келет деп эле айтып койсом, менин көңүлүмдөгүдөй дасторкон салып күтүп алышат. Тарбиялаган ата-энесине, апаларына рахмат айткым келет. Себеби менин келиндерим бизге келгенче көп нерсени билип анан келишкен.
Негизги элемент — бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн кабылдоосу. Давлет Омурзакова келиндерине да көңүл буруп, камкордук көрөт. Бул өз ара түшүнүшүү жана колдоо атмосферасын түзөт.
«Келин жаман эмес келген үй жаман деп коет. Келинди келгенден баштап өзүңдүн үйүндүн шартына карата тарбиялап алыш бул кайнененинин милдети. Себеби келинди өзүң канчалык өзүңө тартып, ага туура мамиле жасап, билбегенин үйрөтүп жакшы сөз менен үйрөтсөн сөзсүз түрдө келиниң кыздай болот. Келинди сыйласаң келинден сый көрөсүн да. Ошондуктан келинге туура мамиле жасап, туура үйрөтсөн сөзсүз түдө келиндерден сый көрөсүн.Мен келиндеримен ошол жагынан сый көрөм. Менин айтканымды сөзсүз аткарышат. Алардын суроо-талаптарын мен туура жолго койгонго аракет кылам.
Эки келиним чогу үйгө келгенде ынтымакта иш кылышат. Бир да жолу ортосунда конфликт чыгып, сен бул ишти кылышын керек эле, ал бул ишти кылбай койду деген болгон эмес. Тескерисинче кичинеси чоңуна «Мен кылайын жене, мен аткарайын»- деп чоң жеңесин сыйлап турат кичинеси. Акыл насаатымды гана айтам, калганын баарын экөө кылышат.
Жакшы кайнене болуш үчүн биринчиден келиндерге туура мамиле жасаш керек. жеткиликтүү сөздөр менен түшүндүрүп айтсаң сөзсүз түшүнөт. Ар түрдүү келиндер бар кээде айткан сөз жетпей калыш мүмкүн туура эмес түшүнүп калышы мүмкүн. биорк ошол мезгилде дагы келиндерге кайра-кайра айтып болсо дагы жакшы сөз менен түшүндүрүп жакшы мамиле менен жеткирсең сөзсүз турдө келин кыз болот деп ойлоймун»-деди Давлет Омурзакова.
Келин менен жылуу жана тең укуктуу мамиле түзүү үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнөн көңүл бурууну жана аракетти талап кылган процесс. Давлет Өмүрзаков менен Эркин Турдукуловдун мисалдары үй-бүлөлүк мамилелердин ийгиликтүү болушунун негизи сый-урмат, чыдамкайлык жана келинди кыз катары кабыл алууга даярдуулук экенин көрсөтүп турат.
Гүлназ Камбарали кызы