“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаш куткаруучулардын сынагы өттү

4 Октябрь 2023 жыл 17:58
Көрүүлөрдүн саны: 10

«5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө» карата жарыяланган бир айлыктын алкагында КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Мирлан Токтогулов, Базар-Коргон шаарынын Мэри  жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, билим берүү мекемелеринин окуучулары катышты.

Иш чарада өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу жумуштары, мектеп окуучуларынан түзүлгөн жаш куткаруучулардын медициналык биринчи жардам көрсөтүүсү, эстафета, дил баян, сүрөт конкурсу,  ЖК кызматтарынын күч каражаттарынын өзгөчө кырдаалдар учурундагы көрүнүшүндө практикалык иш чара менен коштолду.


Айта кетсек Базар-Коргон шаардык мэриясы демөөрчүлүк кылып жеңүүчүлөр ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйланышты.

Биринчи орунду Базар-Коргон районундагы Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин жаш куткаруучулары ээледи.

Жаш куткаруучулардын тобунун мүчөсү Бекдияр Абдразаков:  «Сынак жогорку денгээлде өтүп, пайдалуу болгон биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөндүк»

Бекдияр Абдразаков сыйлык алган учурда

Мындай иш-чаралар ар түрдүү кырсыктардын тобокелдигин алдын алууга жана азайтууга, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга шарт түзөт.

Нурэлес Камилов, Сабина Кылычбекова