Айылда зомбулуктун алдын алуу боюнча иш чаралар түзүлүп атайын комиссия аларды карап чыгат. Атайын аялдардын зордук-зомбулуктардан алдын алуу аны болтурбоо үчүн түзүлгөн комиссия өз милдеттерин так аткарып келишет.
Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча комиссиянын төрайымы, Могол айылдык кеңешинин депутаты Кадича Жумабаева зомбулук бир эле аялдарда эмес, жаш балдардан кездешет деп миграцияга кеткен ата-энелердин балдарынан кабар алып, текшерип турабыз деди.
«Бизге зордук-зомбулук боюнча катталган жок. Бирок ата-энеси миграцияга кетип, таштаган балдар көп катталган. Биз ошолорго түшүндүрүү иштерин алып барып, келип кайрылса жардам берип турабыз. Зомбулук менен катталса биз барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өтө балдар ыңгайсыз абалда кала турган болсо, ата-энесине кабар берип ата энесин чакырганга чейин барабыз. Азыркы учурда бизге кайрылып, ата-энеси башка жака кетип, тайэне, тайатасынын чон аталарынын, туугандарынын колунда калган балдарга жакшы жардам берип жатабыз. Колубуздан келишинче профсоюздарга мектептерге кайрылып лагерлерге жөнөтөбүз.
Күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдар кайрылса түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыркы жаштарды сабыр-канаат жоктугунан шарт эле балдарын таштап кетип калышат. Ошолорго жардам берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз».
Биз жыл башынан баштап аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы иш чараларды түзгөнбүз. Кичи жыйындарды айылдарда өткөрүп келе жатабыз. Ал эми экинчи кварталдын жыйынтыгы менен жети айылдын аялдарына окутуу уюштуруп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз деди Могол айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Максат Осмонов.
«Мен жумушка келгенден бери бир жыл алты ай болду азыркы учурга чейин зордук-зомбулук каттала элек. Комиссия иш чара түзүлгөн ар бир айылдын айыл башчылары менен айылдарга маалыматтар жеткирилген. Эгерде ушундай зордук-зомбулук боюнча катталса бизге катталышат.
Эгерде айылдарды зомбулук фактысы катталса биз комиссия менен айыл өкмөттө жергиликтүү кеңештин депутаттарынан комиссияга кошулган. Аялдар комитетинин төрайымы биз менен кошо иш алып барат. Комиссияны айыл өкмөттүн денгээлинде аппарат кызматкерлеринен, айылдык кенештин төрайымы, айылдык кенештин депутаттарынан түзүлгөн.
Зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча айылдарда жакшы маалымат компаниялары жүрүп жатканына күбө болуп, аялдардын лидерлик, ишкердик иштери көп экенин көрүүгө болот. Демек жергиликтүү кеңеш, соц кызматкерлер, аялдар комитети, соц комитет иштеп жатканын байкалды. Ар бир аял корголгон коомдо зомбулук эч качан болбойт деп ишенебиз.
Гүлназ Камбарали кызы