“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Жаңгак токойлорун жаңылаган ижарачы

25 Июль 2023 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны: 62

Ооган-Талаа айылынын тургуну Хамразбек Дөлдөев ижарага алган жаңгак токоюн дайыма жаңылап, жаш көчөттөрдү отургузат. Ал мындай кадамы менен картайып бараткан жаңгактардын орду жоголуп кетпеши керек деп эсептейт. 

Күздө жаңгак терилген мезгилде атайын даярдалган тилкелерге жаңгак таштайм. Жазга барып көчөт болуп чыгат, аны сугарып, чоңойтом. Мурда токой калың болчу, азыр аябай азайып кетти. Көчөттөргө унаа менен ташып суу куябыз. Анткени айланада булак жок. Жайдын аптабына чыдабай куурап калган учурлар да болот деди Хамразбек Дөлдөев.

Ижарачы Хамразбек Дөлдөев

«Жаңгак токоюн ижарага алгам. Көп жыл болду. Ижарачы болгондон кийин токойго кам көрүү менин милдетиме кирет. Жаңгак бышканда терип гана албастан аны өстүрүү, көбөйтүү милдетим деп билемин. Жаңгак токою бизди бакса, биз да өз кезегибизде ага кам көрүүбүз зарыл. Жаңгактын өсүшү абдан кыйын. Назик болот, бирок тамырлап алгандан кийин бат эле чоңоёт. Биз отургузган жаңгактардын алды мөмө бере баштаса, айрымдары эми көчөт болуп жетилип келе жатат»-деп билдирди Дөлдөев.

Акыркы жылдарды жаңгак токойлору суюлуп жатканын адистер белгилеп келишет. Анын бир себеби жаңгактардын карып баратканы. Кээ бир ижарачылардын өз милдеттерин так аткарбагандыгы дейт токой боюнча адис Закир Сарымсаков.

Закир Сарымсаков эксперт

Биздин теңи жок реликт жаңгак мөмө токойлорубузду биздин Кыргызстанда болгондо да Арстанбап, Кызыл-Үнкүр, Ачы зоналарында жайгашканына биз сыймыктанып жүрөбүз. Азыркы күндө биздин токойлорду көргөнү туристтер Казакстандан, Өзбекстандан Россиядан келип жатышат. Бул да бизге кудайдын берген белеги. Аны сактап калуу, аянтынын дагы да көбөйтүү ушул тарапта жашап аткан атуулдардын парзы. Союз таркагандан кийин токой чарбалар жергиликтүү элге узак мөөнөткө ижарага беришкен. Ал жерди 49 жыл мөөнөт менен үй бүлө жаңгак токойлорун пайдаланууга укугу бар. Биринчи кезекте каарып бараткан токойлордун ордуна жаңы көчөттөрдү эгүү алардын милдети.

Айрыкча GIZ уюму менен иштеп жатканда өтө көп иштерди бүтүрдүк. Семинарларды уюштуруп, жаңгак токойлорун сактап калуу боюнча жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Токой чарбалар чоң аянттарды кароого мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан ижарачы токойду зыянкечтерден тазалап, карап, өрттөн сактап, мөмөсүн терүү менен жаңы токойлорду эгишет. Чындыгын айтканда көпчүлүк ижарачылар өз милдеттерин аткарбай келе жатышат. Жаңгак мөмөсү бышкан мезгилде гана чыгып, терип алышат. Эң керектүү иштерди аткарышпайт. Жергиликтүү калктын ичинде түшүндүрүү иштерин алып барышыбыз керек. Себеби токойлорду келечек муундарга өткөрүп беришибиз керек. Ата-бабабыз токойлорду сонун абалда бизге калтырган. Мындан 100  жыл илгери токойлор калың, жаңгактар көп болчу. Биз балдарыбызга жаш көчөттөрдү эгип, калың токойду калтырышыбыз керек.

Жалал-Абад жана Ош облустарын кошкондо жаңгак токоюнун аянты 47миң гектар жерди ээлейт. Илимпоздордун айтымы боюнча 65-70% каарып бараткан токойлорго кирет. Ал эми жаш эгилген көчөттөр 5-10% гана ээлейт. Азыркы токойдун ичиндеги мал-койлордун көбөйүшү жаш көчөттөрдү жеп коюп, өспөй калышына себепкер болууда. Жергиликтүү элди токойду коргоого чакыруу менен жаш көчөттөрдү тигип, өстүрүүгө токой чарба дайыма чакырып келет. Ар бир ижарачы өз милдеттин туура аткарса сөзсүз токойлор көбөйөт деп ишенебиз.

Гулназ Камбарали кызы 

«Жашыл климат»