“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Адам сатуу боюнча башкы мыйзамдагы түшүндүрмөлөр

25 Июль 2023 жыл 16:47
Көрүүлөрдүн саны: 73

Дүйнө жүзүндө 40 миллиондон ашуун адам мажбурланган эмгектин курмандыгы (МОТ-2017) . Алардын 15,4 миллиондон ашыгы мажбурлап никеге туруунун курмандыктары болсо, 152 миллион бала мыйзамсыз балдар эмгегинин курмандыгы болушат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамынынын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мыйзамда жазылган түшүнүктөрдү билип алалы:

Кыргыз Республикасынын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча уюштуруучулук-укуктук негиздерди, адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү жүзөгө ашыруучу органдардын ишин координациялоонун тартибин аныктайт, адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана аларга жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын тутумун белгилейт.

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат:

Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр, атап айтканда, «адамдарды сатуунун курмандыктары» жана «адамдарды сатуучу» кандай гана негизде болбосун басмырлоочу болуп саналбагандай түрдө чечмеленет жана колдонулат. Бул түшүнүктөрдү чечмелөө жана колдонуу эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

«Бул материал «Демге дем» Медиа борбору» Коомдук фондунун «Адам сатуунун алдын алуу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жердеги келтирилген сунуштар, кортундулар жана пикирлер, автордун оюн гана билдирет. АКШ Мамлекеттик департаментинин көз карашына дал келбеши мүмкүн»

Гулназ Камбарали кызы