“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөт баян: Аймактагы кабарчылар жайкы лагерде

10 Июль 2023 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны: 110

Жамаатык ЖМКлар бирлиги кабарчылар үчүн Ысык-Көлдө лагерь уюштуруп жатат. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы кабарчы, ыктыярчылар катышууда. Окуу 1-10- июлга чейин уланат. Лагерь эки этаптан турду учурда 2-агым билим алып жатат.

Жалпысынан лагерге 24 ыктыярчы катышып жатат алар сынак аркылуу тандалып алынышкан. Катышуучулар  3 топко бөлүнүп видео жасап, сайтка маалымат чыгарганды жана SMM боюнча билим алып жатышат.

СММ боюнча  топ жаңылыктарды социалдык медиага таратуунун жолдорун   үйрөнүштү

Сайт командасы өз сабактарын өтуп жаткан учур

Видео командасы иш үстүндө

Каттышуучулар күнүгө өтүлгөн сабактарын практика жүзүндө бышыкташат.

Лагердеги кабарчылар видеону туура тартуу, интервью алуу боюнча сабактарда

Видео роликти тура тартууну үйрөнүштү

Ар бир топ жаңы сабактарды баштоодон мурун өткөн күнү  кандай билимдерди алганын  башка топтун катышуучулары үчүн  презентация жасап беришет.

Видео тартууда штативттер менен  туура колдонуу маанилүү.

Катышуучулар күн сайын үй тапшырмаларын аткарышат. Алган билимдери келечекте өз аймагына барып маалымат жазуусуна абдан керек.

Кабарчылар практика үстүндө иш жүргүзүшөт

Сабактардан сырткары кабарчыларга көлгө түшүп келүү үчүн убакыт бөлүнөт. Ар бир сабакты оюн-күлкү менен баштап алышат.

Тапшырма аткаруу үчүн түн ичинде иштөөгө тура келет

 

Лагердеги кабарчылар тапшырманы практика жүзүнө чыгарышып, көптөгөн жетишкенликтерге ээ болушат. Алар өз аймактарына барып лагерден алган билимин бөлүшүшөт.

Нуриза Калдарбаева