“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: 2,4 млн сомго футбол аянтчасы курулду

28 Июнь 2023 жыл 2:24
Көрүүлөрдүн саны: 66

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сейдыкум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылында футбол аянтчасы ачылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков

Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов

Спорт аянтчага жергиликтүү бийлик 10 сотых жер тилке бөлүп берип, 2 млн 450 миң сом акча каражаты сарпталды. Анын 450 миң сому жергиликтүү бюджеттен, 1 млн 500 миң сому демөөрчү тарабынан, 500 миң сом акча каражаты өздүк салым катары берилген.

Облус башчысы спорттук аянтчада жаш муундарды сергек жашоого үндөөгө жакшы шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Сейдикум айыл аймагынын Турпак-Коргон айылында 177 кожолукта миңден ашуун адам жашайт.

Гүлназ Камбарали кызы