“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Гулзада Калыкова: Кредит алып самын бизнесин баштадым

22 Июнь 2023 жыл 22:35
Көрүүлөрдүн саны: 56

Борбор Азиялык Эл аралак медицина университетинин химик мугалими Гулзада Калыкова самын бизнесин кредит алып баштаган. Бул кадамды бир жыл бою пландап анан чечкен.

Самындын жети түрүн жасалат

“Азыркы учурда ОшМУда асмиратураны окуп жатам жакында жактайын деп турам. Биз негизинен самындарды иштеп чыгуу оюу бир жылдан бери бар эле, быйыл иш жүзүно ашырайын деп, атайын кредит алып өзүм ишти баштадым”- деди Гулзада Калыкова

«Азыр бизде 7 түрдүү самындарыбыз чыгат, булар атыр самыны, сулуу самыны деп коет, бул самын кургак терилерге өтө жакшы, алое самыны алоенин гелинен жасалган, чайыр дарылык самыныбыз теринин баардык ооруларына, көйгөйлөрүнө каршы майлуу терилерге, кургак терилерге адбан пайдалуу, бизде сарбент болгон чопо самыны да бар. Көк чопо менен кызгылт чопо териге өтө жакшы таасирин тийгизет».

“Индия жыпар жыттуу самындарды жасап жатам. Ага имбирь корица кошулат, Ар түрдүү чөптөрдөн жасалган самындардын ичинен ромашка самыны ымыркайлардын терисине өтө мыкты. Самынга ромашканын кайнатмасы кошулат, ромашка, ит уйгак бөбөктөрдүн терилерине, сезимтал терилерге колдонулат”,-деди Калыкова.

«Негизи мен самындарды табийгый чөптөрдөн, жаратылыштан алып жасап жатам. Эч кандай химия кошулбайт. Азыркы күндо кардарларым көбөйүп жатат. Атайын буйрутма менен да жасайм. Ромашка, ашкөкүлөрдөн самыныбыз бар бул азыркы учурда ысык маалда ашкөк эфир майы сергитет, кара зире самыны бул майлуу проблемалуу терилерге, сейдананын, какым-кукумдун самыны каратиндерге өтө бай үчүн жаш балдардын терилерине колдонсо болот.

Химик Гулзада Калыкова

“Жүзүм данектеринин майы бар самындар биздин терибизди жаңылап турат, кокос майларынан даярдалган кир самындар натуралдуу жана кир жууганда жакшы көбүрөт.  Бардыгынын составында май бар, апельсиндин кайнатмасын кошуп койдум ошого мунун түсү өзгөрүп жыты апельсин аңкып турат. Менде көбүнчө бал жана ромашка самындарына көп буйрутма беришет. Өзүм химик болгондуктан табийгый заттарга көп басым жасайм”,-деди химик Гулзада Калыкова.

Нуриза Калдарбаева