“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргон: Курулбай келген мектеп

29 Май 2023 жыл 22:42
Көрүүлөрдүн саны: 59

Талды-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Катар-Жаңак айлындагы билим берүү мектеби окуучулар үчүн коркунуч жаратууда.
«Жоробай Канашев атындагы орто мектеп, 1967-жылы 80 окуучуга ылайыкташтырып курулган, азыркы учурда эки сменге бөлүнүп 350 окуучу тарбияланып келет.


«Мектеп өтө кооптуу абалда, эски болгондуктан жаңы мектеп курулуусуна муктажбыз»- деп билдирди мектептин класстан тышкаркы иштеринин уюштуруучусу Жыргал Тилегенова:
«Жоробай Канашев атындагы орто мектептин эскилигинин кесепетинен дубалдары көчүп өтө коркунучтун алдында турат.
Биздин мектеп эски, жаңы мектеп курулуп калса деп аракет кылып жатабыз, азыркы учурда долбоор өттүбү өтпөдүбү билбейбиз. Толук маалымат жок, 5-6 жылдан бери жүгүрүшөт бирок ишке аша элек.


Бул мектеп 1967-жылы курулган мектеп өтө эски шарт жок, мугалимдер канасына толук келсе 10дой мугалим отурат калгандарыбыз турабыз. Мектепте класстар жетишпейт, бизде 350 нүн тегерегинде окуучулар тарбияланат.
Эртен мененки сменаны бирде чыгарсак,  кайра бирде экинчи сменаны киргизебиз, класстарыбыз өтө эле тар, ЖРТга даярдалы десек ашыкча бир да класс жок».


«Бул жерде олимпиадага, конкурска даярдаганы шарт жок, мисалы үч мугалим бир шкафка докменттерин коюшат, ушундай жетишпестикте өтө кыйналып иштейбиз.

Компьютерге такыр шарт жок, компьютерлер бар бирок коюп балдар менен чогуу иштешкени бөлмө жок.
Ашканабыз кичинекей, балдарга ысык тамак кылып бергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан таттууларды колдоруна кургак карматып эле жөнөтөбүз».


«Бизде балдарды дене тарбия сабагынан алып кирүүчү залыбыз жок, бирок кичинекей актовый зал бар. Ал деле жайкысын гана иштетебиз кышта өтө суук болот.
2022- жылы эл менен жолугушууга Бакыт Төрөбаев келгенде, мектеп түйшүгүн да көтөрүп чыккам.
Анда да жаңы мектеп курулушуна көргөзмө беришкен, 2014-жылы мен мектепке директор болуп жумушка кирдим, мен ошол жылдан бери жаңы мектеп курулуусун талап кылып артынан чуркап келгем. Бирок эч кандай жыйынтык болбой, ушунчадан бери эми долбоор өттүбү, өтпөдүбү дагы деле билбейбиз, бирок сөзсүз түрдө курулушу керек. Анткени мектеп кулап түшүү абалында турат. Бизде ошончо кайрылуулардан кийин кичине аракет кылып жаңы ашкана куруп баштаган, бирок ал жарым жартылай курулушу токтоп калган».

Жарым жартылай курулган ашкана

«Бизде жалпысынан 4 айыл бирге иштешебиз, бирок 4 айылда дагы эч кандай нерселер жок мисал үчүн бала бакча, фФАП. Бул боюнча 4 айылдын тургундары ар дайым кайрылышат, бирок азыркы учурга чейин эч кандай жооп келген жок, бул дегени биздин айылга эч кандай көңүл бурулуп, көмөк жасалбай жатат», — деп билдирди Эгембердиева Манзура.


«Эгер бала бакча курулса балдардын билим алуусуна дагы чоң жардам болмок, азыр ата-энелер, кыз-келиндер үйдө жумушсуз отурушат. Чет жакка жумушка чыгалы десе, үйдө балдарын караш керек болуп өтө кыйын абалга келип калдык.
Айылга бир жумуш ачылып же бала бакча курулуп калса ата-энелергеда жакшы болмок балдарын бала бакчага берип өздөрү жумушка барып келип бекерчилик жоюлат эле.
Биздин биринчи көйгөйүбүз бала бакча ал эми ФАП курулса да өтө сонун болмок, анткени бизде эмдөө алуу үчүн бир айылдан экинчи айылга барабыз. Унаасы барлар унаа менен автоунаасы жоктор жөө өтөбүз.
Ооруп калсак тез жардам керек, а бизде тез жардам дагы жок, айла жок оорулуу адамды шаарга алып барабыз.
Бул бала бакча, мектеп дегенибиздин себеби балдарыбыздын келечегине жана өзүнүн кесибине тосколдуктар жоголот эле», -деди айыл тургуну Эгембердиева.

Нуриза Калдарбаева