“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Коронавируска каршы кайрадан вакцина алууну каалагандар көбөйүүдө

29 Май 2023 жыл 22:54
Көрүүлөрдүн саны: 42

Айыл эли короновирус чыкканда вакцина алуудан коркуп, албай кыйынчылык жараткан. Ал эми азыр вакцина алам деп өз эрки менен келип жатышат

Могол айыл аймагында дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө башталганына аз убакыт болсо да эмдөөгө өз эрки менен мамлекеттик кызматта иштеген ар бир кызматкер алды.

«Вакцинация кайра башталды, биз мамлекеттик кызматта, эл менен иштеген ар бир кызматкерге эмдөөнү баштадык. Биринчи оору башталганда ар бир келген адамга эмдөө тууралуу маалымат бергенбиз. Ал эми азыр болсо, эмдөө жөнүндө угуп өздөрү келип алышты», — деп билдирди дарыгерлер борборунун мед айымы Кадыча Жумабаева.

Эмдөө алуучулар дарыгердин кароосунан кийин, эч кандай оорунун белгилер, кан басымы нормалдуу болсо эмдөө ала алат

Могол айыл өкмөтүндө баарына вакцинация берип жатабыз. Жалпысынан 300 дозадагы вакцинация келди. Бул вакцинация Чкалов, Көк-Алма, Правда айылдары Могол айыл өкмөтүнө карагандыктан биз баарына ваксинация жеткиришибиз керек. Азыр биринчи этапты жасап жатабыз, биринчи этапты бүтүп алгандан кийин 45 күн аралыкта экинчи этапты баштайбыз,»- деп билдирди Жумабаева.


Бул вакцинацияны баарына берип жатабыз, бирок онкологиялык, аллергиялык оорулар менен ооруган жарандарга бербейбиз.

Элмира Бапанова мектепте мугалим болуп иштейт. Ал эмдөө тууралуу укканда эле алам деп келген.

Элмира Бапанова эмдөө алып жаткан учур

«Мен мурунку вакциналарды да толугу менен алгам. Азыр да айтаары менен эле келдим. Биз балдар менен иштебиз ошондуктан ден соолукка көңүл бурушубуз керек», -деди Бапанова.

Нуриза Калдарбаева