“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Балага кесип тандоодо ата-эне чечүү туура эмес кадам

29 Май 2023 жыл 23:09
Көрүүлөрдүн саны: 25

Ооган-Талаа айылынын тургуну Айгүл Рысбаева окууну бүтүп, сот болууну кыялданган. Бирок атасы Кылыч кыздарга сот болгон болбойт, эң жакшы кесип мед айым деп кесипти кызынан мурда тандап койгон.

“1993-жылы мен 10-класста окуп жатканда кыздарда тандоо укугу аз эле. Атабыз тандаган кесипке окуганбыз. Биз үй- бүлөдө 10 бала болгонбуз. Жети кыз тең атам каалаган окуу жайларды бүтүрдүк. Ал мезгилде мед айымдык, сатуучу, тигүүчү кесиптер талап кылынат эле. Чоң эжем технолог болгон. Ал Ташкенттен окуп бүткөн. Атам баарыбызды билимдүү болушубузду каалагандыктан эч нерсеге карабай окуткан. Эки сиңдим сатуучу, мен жана сиңдим мед айым болдук. 1980-жылдары кыздарга, кесипке карата стереотиптер күч эле. Мен каалаган кесипке окуй албай калгандыктан кыздарым кесип тандаганда алардын каалоосун биринчиге койдум”.

Айгүл Рысбаева азыркы учурда Москва шаарында мед айым болуп эмгектенет

Ата-эне менен баланын кесип тандоодо кайчы пикирде болушу көнүмүш көрүнүш. Анткени ата-энелер балдарды уга билүүсү, алардын кыялын орундатууга көмөк көрсөтүүсү учурдун талабы болуп калды.

Мен бир жылдан бери кесип тандай албай келе жатам. Ата-энем мен каалаган кесипти каалашпайт, мен алардын айткан кесибине окугум келбейт деди 11-класстын окуучусу Нуртилек Хамразбеков.

“Бир жылдан бери көз карашым ай сайын өзгөрүп жатат. Кайсыл окуу жайга тапшырууну да билбей калдым. Мен сот болгум келет десем, атам, соттор ар бир экинчи адам, милиция болом десем, кооптуу дейт. Акыры окубай эле Россияга кетип калсамбы деп да ойлондум. Азыр буйруса ЖРТны тапшырсак анан ошого карап дагы ойлоном”,- дейт бүтүрүүчү.

Айылда мугалимдик, тигүүчүлүк, мед айым кесиптерине иш табуу оңой ошондуктан ата-энелер балдарына кесип тандоодо ушул кесиптерге басым жасап, ушул кесиптерге окусан оку, болбосо окубай күйөөгө тий деп айткан учурлар да кездешет деп билдирди айыл тургуну Нурадил Субанов.

“Негизи балага кесип тандоодо эркиндик берүү зарыл. Анткени өзүнүн көңүлүнө жаккан кесипти тандоо менен келечекте иштеп кетүүсүнө да көз каранды. Илгери ата-эне тандайт эле, азыр бала өзү тандап калды. Ата-эне багыт бергенге аракет кылабыз. Балдар өздөрү кээде туура эмес кесип да тандап алып иштебей жүргөндөр да бар. Айылда көбүнчө мугалим жана мед айыдыкка көп тапшырат. Андан сырткары да көптөгөн кесиптер бар эмеспи. Айылда мисалы чачтарач кызматы жок. Кыздар окушпайт. Шаарда жакшы киреше алып келгени менен айылда аз акча табасын дешет”.

Айылдагы мектепке кесип тандоо боюнча ар түрдүү окуу жайдан келип, тааныштырып, багыт берип кетишет. Андан сырткары мектепте “Ар бир кесип ардактуу” аттуу класстык сааттар өткөрүлүп турат деди №17 С.Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова.

“Ар бир бала окууну өзү көңүлүндөгү, каалаган окууну тандоого укуктуу. Ар бир бала келечектеги кесибин өз алдынча тандап жаткан заманда жашап жатабыз. Мындан 10-20 жыл мурун ата-эненин каалоосу менен кесип тандашчы азыр андай жок. Ал мезгилде кыздарга жакшы деп мугалимдик кесипке көп тапшырат элек. Азыр заман өнүккөн, ар бир кыз аскер, милиция, жоокер кызматтарында да көп кездешип жатат. Кызга же балага эч качан кесип тандоодо стереотипке таянбоо керек.

Албетте, күн сайын өзгөрүп жаткан заманда талапка ылайык кесип тандоого көңүл буруу зарыл. Себеби, көпчүлүк жаштар кесип тандоодө жоопкерчиликсиз болушат. Үйгө жакын университет, досторум менен бирге окуйм деген көз караштар бар. Бул сөзсүз түрдө текке кеткен убакыт, жакпаган кесип жана максатсыз жашоого алып келет”,- деди Омурзакова.

10-класстын окуучусу Элзар Сатимкулов кайсыл кесиптин ээси болгусу келгенин бала чакта эле тандаган. Анын ата-энеси Элзардын тандоосуна каршы эмес:

“Мен бала мезгилден эле бизнесмен болуун калагам. Бизнестин сырлары, аны кантип жүзөгө ашыруу боюнча көп китептерди, подкасттарды, макалаларды окуп келем. Менин тандоом өзүмдун жеке жашоомо зор салымын кошуп, келечекте Кыргызстандагы мыкты бизнесмендердин катарын толуктасам деп кыялданам жана ага жетүүгө аракет кылып келүүдөмүн.

Психолог Бактыгүл Бейшееванын жамааттык медиага түз эфир учурунда ата-энелер баласы үчүн кесип тандоодо кетирип жаткан каталары тууралуу айтып берди:

“Азыркы учурда кесип тандоо мезгили келгенде ата-эне баласынын жөндөмүн билип, кесип тууралуу сүйлөшүп, коомдо кайсыл кесип аркылуу бала өзүн таба алат, өзүн коомго көрсөтө ала турганын билишиңиздер керек. Жалпы Кыргызстанда тараган ката мен врач болоюн дедим эле бирок болбой калдым. Ошондуктан сен болушуң керек дегенди колдонууну кажети жок. Бул таптакыр чоң ката болуп эсептелинет. Биз башка адамбыз, ал эми биздин балабыз таптакыр башкача мүнөздөгү, көз караштагы, жөндөмдүүлүктөгү инсан. Ошондуктан ошол инсандын жеке өзүнүн өзгөөлүнө көңүл бөлсөңөр”.
Кесип — өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнүн эң орчундуу булагы. Өлкөнү кесипкөйлөр өнүктүрөт. Кесипкөй адамдар калкты жакшы жашоого алып баруучу зор күч. Кесипти туура тандоого багыт берүүнү ишке ашыруу сыяктуу эле, кесипке үйрөтүү да татаал. Кесип тандоодо стреотиптүү көз караш менен балага багыт берүү да туура эмес кадамдардын бири.

Гулназ Камбарали кызы