“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Тез жардамга кайрылуу жаз мезгилинде күчөйт

22 Май 2023 жыл 23:12
Көрүүлөрдүн саны: 50

Могол айыл өкмөтүндөгү тез жардамга күнүгө 20дан ашык адам кайрылат. Өзгөчө жаз мезгили тез жардам кызматкерлери үчүн түйшүктүү. Көп кайрылган оорулардын бири кан басымдын жогорулашы.

Тез жардам унаасы

Азыркы учурда ар кандай оорулуу адамдар келет. Адам өтө курч абалда ооруп калганда, ооруганы 10-15 күн эмес болсо, мисалы кары адамдардын кан басым көтөрүлүп же түшүп  кеткенде, башы айланып өзүн алсыз сезет, ушундай абалдарда тез жардам чакырылат. Алар тез жардамдан болгону ошол ооруну айыктыруу максатында эмес, ооруну убактылуу басып турууга же болбосо кырсык болсо ооруканага жеткинчекти биринчи жардамдар көрсөтүлүп турат.

Ооган-Талаа айылындагы тез жардам бөлүмү

Тез жардам бөлүмүнө жаз мезгилинде сасык тумоо, дене таптын көтөрүлүшү, кары кишилерде кан басым көтөрүлүү көп кездешет. Ошондуктан жазда чакыруу адаттан көп болот. Биз кандай оору болсода биринчи жардамды көрсөткөнгө ар дайым даярбыз жана милдеттүүбүз деп билдирди фельдшер Карымшаков.

Фельшер Алмазбек Карымшаков

«Бизде ар кандай оорулар боюнча чакыруулар болот. Могол айыл аймагына караган баардык айылдарга чакырууларды кабыл алабыз. Мисалы Көк-Алма айылы Могол айыл өкмөтүнө карабайт. Көк-Алма айылындагы Эренчеге чейин чакыруу болсо тез жардам көрсөтөбүз. Могол айыл аймагындагы 16 миңден ашуун 6 айылдын элине тез жардам кызматын көрсөтөбүз. Кээде жаан-чачын, сел болгон учурларда суу кечип,  токойлор, өтө татал жолдор менен барабыз», — деди тез жардам кызматынын фельшери Алмазбек Карымшаков.

Мед айым тез жардамга кайрылга бейтаптын кан басымын текшерүү учуру

Тез жардамда кандай оруу менен орубасын кайрылса биринчи жардамды көрсөтүп, анадан соң дарыгерге жолдомо беребиз. Бизде баш тартып коюу, колумдан келбейт деген нерселер такыр болбойт. Тез жардам болгондон кийин өз милдеттерибизди аткарышыбыз керекдеп эсептейт Алмазбек Карымшаков

«Бизде мындай тоскол берүүчү нерселер болбойт баарына даяр турушубуз керек. Ошондой эле биздин колубуздан келет деген принцип менен иштейбиз. Ар бир адам өз кесибин сүйүп аткарса ар бир кесип кызыктуу. Ошондой эле мен үчүн жана кесиптештерим үчүн жасап жаткан ишибиз кызыктуу жана сыймыктанарлуу».

Жалпы тез жардам кызматында 10 ашуун мед кызматкерлери жана унаа айдоочулары эмгектенип келишет.

Нуриза Калдарбаева