“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа: Оорукананын курулушу уланууда

22 Май 2023 жыл 23:54
Көрүүлөрдүн саны: 56

Могол айыл өкмөтүнө караштуу Ооган-Талаа айылында 2019-жылы 87 млн сомдук долбоор менен башталган оорукана пандемиядан кийин курулуш иштери токтоп, жай жүрүп жаткан. 2023-жылдын февраль айынан бери оорукананын чатыры жабылды.

Буга чейин бул жерде эскилиги жетип, авариялык абалдагы оорукана бар болчу. Азыркы күндө курулуш иштери 60% бүтүп калды, үстү жабылды азыр ичиндеги дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүп жатат-деди айыл өкмөт башчысынын орун басары Бактыгүл Алыбаева.

«Ошондой эле иш мерчеми боюнча 2023-жылдын күз мезгилдеринде октябрь, ноябрда бүтүш керек, ошол мезгилге бүтүп калат деген ойдобуз. Бирок биз өз алдынча башкаруу органы болгондуктан оорукананын курулуш иштери, кемчиликтери, жетишпегендиктери боюнча биз көзөмөлдөй албайбыз».

Эскилиги жеткен ооруканадагы тез жардамды почта имаратына, тиш дарылоо бөлүмүн маданият үйүнүн бир канасына көчүрүлгөн. Тезирээк жаңы оорукана бүтсө элдин түйшүгү азаярын айыл тургуну Урмат Курбаналиева билдирди.

«Оорукана ар жерде болсо ыңгайсыз экен. Тиш дарылоо бөлүмүнө барсаң маданият үйүндө кичине бөлмөгө жайгашкандыктан бир дарыгер эле карап жатат. Ал кезектин көптүгүнө алып келүүдө. Жаңы оорукананын проектисине караганда бардык бөлүмдөр бир жерде болуп, айыл элине да оңой болот эле».

Азыкы күндө 50дөн ашуун жумушчу оорукананын шыбак иштерин бүтүрүп жатышат. Оорукана бүтсө тиш даарылоо, төрөт үйү, тез жардам, балдар бөлүмү, дарыгерлер тобу бир жерде болот.

Нуриза Калдарбаева