“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Ооган-Талаа айылында башкы жол оңдоло баштады

22 Май 2023 жыл 22:46
Көрүүлөрдүн саны: 40

Кызыл-Үнкүр туристтик зонасына Ооган-Талаа айылы аркылуу өтөт. Ал эми аталган айылдын жолу селден улам жараксыз абалда болуп, Ооган-Талаадан кийин жайгашкан эки айылдын 10миңден ашуун элине ыңгайсыздык жаратып келген.


Могол айыл аймагынын башчысынын орун басары Бактыгүл Алыбаеванын айтымында Ооган-Талаа айылында Укубаев Нурмамат көчөсү абдан начар абалда болгон. Ошондуктан биз 2022-жылы Транспорт министирлигине кайрылуу жасап, иш мерчемине киргизилген, бирок былтыркы жылда бул иш аткарылбай калгандыгын жана 2023-жылы иш мерчеминин негизинде жолду оңдоо иштери башталгандыгын айтты.

Могол айыл аймагынын башчысынын орун басары Бактыгүл Алыбаева

«Бул ишке айыл өкмөттөн эч кандай каражат кеткен жок, анткени райондук деңгээлдеги авто жол болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан оңдоо иштери жана каражаттар жумшалат.

Эски асфальты алып жаткан учуру

Чындыгында Ооган-Талаа айылындагы Укубаев Нурмамат көчөсү машиналар үчүн жүрүү өтө кыйын эле. Эми быйыл минтип иш башташыптыр, бул кылган иштери элдерге чоң жардамы тийет, жылдын башында айылга тротуар салынып окуучуларга, элге эң ынгайлуу шарт түзүлдү»,- деп билдирди айыл жашоочусу Шакир Аликулов.

Пенсионер Полотбек Тиркешов апрель айында транспорт министрлигине Жамааттык медиа аркылуу «Элеттен суроо» рубрикасына жол боюнча кайрылган. Министрликтен бат эле жооп алынып, жолдун тез арада оңдолуп башталарын билдиришкен.

Нуриза Калдарбаева