“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Айылдыктарды иш менен камсыздаган ишкер

22 Май 2023 жыл 14:48
Көрүүлөрдүн саны: 37

Көк-Алма айылынын тургуну айылдыктырды иш менен камсыздап баштады. Анын карамагында жыйырмадан ашуун кыз-келиндер иштейт

Шырман тигуу цехи 

Могол айыл өкмөтүнө караштуу Ооган-Талаа айылында швейный цех жазга маал ачылды,цехти ачканыбыздын себеби ушул айылда жумушсуздукту жоюу-деп билдирди цехтин директору Айтибек Кадырбеков.

«Биз өзүбүз дагы чет жакта иштеп кыйынчылыкты баштан кечирдик, кийин биз өзүбүздүн жерибизде иш баштасак, балдардын ата-энелери таштап чет жактарга иштеп кетишпейт эле, балдарынын жанында дайым болуусу үчун биз ушул ишти баштоону чечтик. Ошол максатым ойго ашып, азыркы учурда Ооган-Талаа айылында 20 аялды иш менен камсыздап жатабыз»-деди Кадырбеков.

«Шырман» цехинин директору Айтибек Кадырбеков.

Ишкер Кадырбековдун айтымында өтө көйгөй көп, эгер мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлгөндө, цехти 50 адамга ылайыкташтырып чонойтмокпуз. Азыркы учурда өзубүз жардам сураганы жатабыз. Биз бир эле айылга эмес, 2 айылга бөлүнүп ачылдык. Мен Ооган-Талаа айылына ачсам, а менин кесиптештерим Көк-Алма айылына ачкан, азыркы учурда эки тарап тен иштеп жатат.

«Бизде эки тарап тең докменттери менен ачылган. Буйрутма аркылуу тигебиз, алыс жактардан буйрутма түшөт. Аларды колдон келишинче тигип жөнөтөбүз. Биз дагы көтөрүлүшүбүз үчүн жаңы заманбап техникалар керек, азыркы учурда алар жок, бирок колдо бар техника, тигүү машина менен эле иш жүргүзүп жатабыз. Биз эми бир эки айыл менен эле чектелбей дагы башка айылдарды да камсыздоо оюбузда. Ишибиз жүрүшүп кетсе бул максатыбызды сөзсүз ишке ашырам.

Тигүү цехиндеги иш учуру

Азыр көп адамдар иш менен камсыздалып калып, айлыгын өз убактысында алат. Ачкандан бери эч кандай мүчүлүштүк боло элек, кудайга шүгүр иштеп атабыз. Мамлекетке аз болсо дагы салымыбызды кошуп бюджетке акча төлөйбүз. Ооган-Талаа жана Көк-Алма айылдарында биринчилерден болуп ачылган цех. Бул мезгилге чейин аталган айылдарда тигүү цехтери болгон эмес. Биздин иштин ачылышы, ишке адамдарды чакыруу кыйын болду. Жумушчуларга өзүбүз үйрөттүк, ачылгандан кийин үч ай режимге көндүрдүк. Азыркы учурда кудайга шүгүр баары жакшы, тигүүчүлөр көнүп калышты.

Цехте тигилген кийимдер

«Бул жерди январь, февраль айларында ачтык, бирок бат иштеп кеткен жок, жогоруда айткандай кыйынчылыктар менен, март айларында толугу менен ачылды. Мектептерден буйрутма көп эле түштү, анткени мектеп аяктап калганына байланыштуу бүтүрүүчү класстарга кече көйнөтөрүн тигип берүүбүздү суранышты. Өзүбүздүн айылдан болгондуктан жок дей албадык, колдон келишинче тигип бердик, алар аябай ыраазы болушту. Бизге өзгөчө буйрутманы Москвадан, Бишкектен келет.

Биз баардык оорукана, бала бакчалар, мектептер менен иштешүүгө даярбыз. Ошондой эле жакында жеңиш күнү өттү, ошол боюнча бала бакчадан балдардын формасы жана мугалимдерге аскердик форма тигүү үчүн буйрутма түштү, тигип бердик»-деди ишкер.

Тигүүчү Тынаргул Темирханова.

«Мен бул цехке жумушка киргениме 6 ай болуп калды. Бул жерге ушундай цех ачылды деп угуп, өзүм издеп келгеним үчүн жумушка кирүү кыйын болгон жок. Мурун чет өлкөлөрдө иштеп эле жүрчүбүз, бир жылда бир үйгө келип-кетип жүргөм. Азыр эми жакшы болуп калды кечинде үйгө барабыз, кандай болсо да күнүнө үйдө, балдарыбыздын жанында болобуз. Мурун андай эмес эле, мигрант болуп чет жакта жүрөт элек»-деди Тынаргүл Темирханова.

Буйрутма аркылуу тигилген кийимдер.

«Буйрутма менен тигебиз, 10 күндө бир жөнөтөбүз. Мисалы бир жөнөткөнүбүзгө 4-5 миң маяна алабыз. Жумушка киргениме 6 ай болуп калды, бирок маянаны кечиктиришкен жок. Азыркы учурда формалардын түрүн тигебиз мисалы юбка, шым, көйнөк. Бирок үйдө балдарымдын кийимдерин тигип жүргөнүм үчүн  ишиме көнүү кыйын болгон жок»-деди тигүүчү.

Нуриза Калдарбаева