“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Сүрөт баян: Базар-Коргондо «Өлбөс полк» жөө жүрүшү болду

10 Май 2023 жыл 1:22
Көрүүлөрдүн саны: 101

9-майда Базар-Коргон районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 78 жылдыгына арналган «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өттү.

Жеңиш күнүнө арналган жөө жүрүшкө Базар-Коргон районунун администрациясынын кызматкерлери, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү, райондук жалпы дарыгердик практикалык борбору, Токой чарба, аскер кызматкерлери, райондогу мекеме уюмдардын жетекчилери катышты.

Жөө жүрүштөн соң борбордук Үсөн Сыдыков атындагы паркында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү максатында өчпөс отко гүлчамбар коюу салтанаты болду

Согуштан кайтып келген ардагерлерди тосуп алып, орундуктарга отургузулду. Азыркы кезде райондо 1 ардагер, 3 оруктагы эмгекчи баатырлар калды.

Могол айыл аймагынан Абдували Чолоев, Капаш Шерматов, Талдуу-Булак айыл аймагынан Хуркунбай Жораевдерге акчалай белектер берилди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

 

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарды, агаларды эскерип, 1 минуталык эскерүү жарыяланып, залп атылды.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Жеңишбек Токтогулов майрамдык иш-чаранын катышуучуларын Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, Улуу Жеңишти алып келген каарман ата-бабаларыбыздын саны жыл сайын суюлуп, азыркы күндө арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан саналуу гана улуу муундун өкүлдөрү калгандыгын, аларга сый-урмат көрсөтүп, камкордукка бөлөп, баалап-барктап алуу биздин ыйык парзыбыз экендигине, ошондой эле мамлекетибиз тарабынан камкордуктар көрүлүп жаткандыгына токтолду.

Райондук Аскер комиссариатынын аскер комиссары, подполковник Советбек Маматеминов

Райондук Аскер комиссариатынын аскер комиссары, подполковник Советбек Маматеминов куттуктоо сөз сүйлөдү, согуштун жана оруктун ардагерлерине комиссариат тарабынан «Солдат боткосу» уюштурулду жана ардагерлерге берилди.

Шерматов Капаш Көк-Тонду айылында жашаган тылда эмгектенген ардагер.
«Согуш башталган жылдар 3-класста окуйт элем. Баары согушка кетишти. Биз тылда эмгектенгенбиз. Мен Ооган-Талаа айылында 10-классты аяктап мугалимдик кесипти аркаладым. 48 жыл агартуу жаатында эмгектенип, азыр ардактуу эс алуудамын. Бүгүнкү майрамда элиме тынчтык амандык каалайм».

Шерматов Капаш Көк-Тонду айылында жашаган тылда эмгектенген ардагер.

Орозалиев Бактыбек 14 жашта. 1-май айлынана келдим. 9-май күнү дайыма көз алдыма баатырлардын кубанганын, согуш бүттү деп бири-бирин куттуктап жаткан мезгилдери элестетем. Мен ата-бабам менен сыймыктанам.Чон аталарыбызга ырахмат айтам. Өсүп келе жаткан муун силердин кан төгүп алып келген тынчтыкты дайыма унутпайт. Дайыма эч нерсени, эч качан унутпайбыз.


Сапарбай Умарбеков Арстанбап айылынын тургуну, Баткен согушунун катышуучусу. Улуу Ата-Мекендик согушта атам Талипбай Умарбеков 1941-жылы согушка кетип, 1946-жылы келген. Эки жолу жарадар болгон. Элге каалоом согуш болбосун!

Сапарбай Умарбеков Арстанбап айылынын тургуну, Баткен согушунун катышуучусу

Умаркулов Мунарбек Базар-Коргон районундагы Тажик-Авган согушуна катышкан ветерандардын төрагасы. Биз 1992-1999 жылга чейин Тажик-Авган чека арасындагы тынчтык орнотуучу батальонунда кызмат кылганбыз. Биздин Россиядагы куралдаштарыбыз майрамга карата Чолпонбай Тулебердиевдин медалдарын жөнөттү. Чолпонбай Тулебердиевди эстеп, көкүрөгүңөрдө тагып жүргүлө, жаш муундар Тулебердиевдин баатырлыгын билип жүрүшсүн деп атайын жөнөтүшкөн. Ошол медалды баатырларга тапшырдык. Кыргыз элимдин бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Дайыма элиме кызмат кыламын!

Умаркулов Мунарбек Базар-Коргон районундагы Тажик-Авган согушуна катышкан ветерандардын төрагасы

Чолпонбай Түлөбердиев атындагы медаль менен:

Кубанычбек Маматов, Эргешбай Молдояров, Алимжан Мамаев, Уланбек Ташматов, Марат Токтоматов, Бакытбек Ибраимов, Айбек Калдаров, Мунарбек Умаркулов, Абдухамыт Калмурзаевдер сыйланышты

Айнагүл Калдарова Базар-Коргон районундагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун мээрбаны: «Ата-бабаларыбыз кан төгүп кайтпай калган бул согушта канча кыргызстандык кайтпай калган. Мына ушулардын ичинде Базар-Коргон районунун тургундары чон аталарыбыз да болгон. Бүгүн “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнө ар бирибиз чоң аталарыбыздын сүрөттөрүн көтөрүп жөө жүрүштөн өттүк.


Курманбекова Нургул мугалим:

«Улуу жеңиштин 78 жылды менен Кыргызстандыктарды куттуктайм. Согуш болбосун. Келечегибиз кенен болсун. Биздин үй бүлөбүздө үч киши согушка катышкан. Өзүмдүн чоң атам согушка кетип дайынсыз табылбай калган. Биз улуу ардагерлердин урпактарыбыз деп өзүбүздү сыймыктануу менен айтабыз. Согуш чон ата, чоң энелерибиздин каны менен келген жеңиш. Мен үчүн абдан таасирдүү кабыл алам. Келечек муундарыбызга да айтып, эч качан ардагерлерибизди унутпашыбыз керек.

Бүгүн Базар-Коргон районунда чон иш чара болуп жатат. “Өлбөс полк” жөө жүрүшү, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларыбызды эскерүү болуп жатат. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү да активдүү катышты. Райондогу мугалимдер чоң ата, чоң энелеринин сүрөттөрүн көтөрүп жөө жүрүшкө чыгышты. Мына кичинекей болгон бала бакча бөбөктөрү согуш мезгилдиндеги ырларды, бийлерди аткарып жатышат. Бул да болсо өсүп келе жаткан муундар согуштун апааттын, баатырларыбызды таанып, алардын эрдиктерин даңазалап жатышат десем жаңылышпайм. Дайыма билим болсо баары болот, ошондуктан ар бир Кыргызстандык билимдүү болуусу керек. Сапаттуу билим алып, патриот болушсун-деди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Сыргак Жалилов

Иш чаранын экинчи бөлүгү Базар-Коргон райондук маданият үйү тарабынан даярдалган согуш мезгилиндеги көрүнүш, көркөм окуу, согуш ырлары, жоокердин эскерүүсү менен коштолду.

Жеңиш күнүнө арналган иш чаранын соңунда курман болгон жоокерлерге багышталып Базар-Коргон муфтияты тарабынан куран окулду

Майрамга келген ардагерлер Базар-Коргон райондук администрациясына жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти

Гулназ Камбарали кызы, Самира Жаныбекова