“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Таттуулар дүйнөсүнө кызыгуум алып барды

7 Май 2023 жыл 14:12
Көрүүлөрдүн саны: 38

Ишкер айымдардын катарын толуктаган Айчурок Сулайман кызы “ASMAN SWEET” таттууларын жасап, ал жасаган торттор табыйгый сүт азыктарынан айылдын накта каймагынан жасалганы менен өзгөчөлөнүп, өрөөнгө Айчүрөктү таанымал кылганы белгилүү. Ишкердин айтымында айылда уйдун накта сүтүнөн, каймагынан, айранынан жасалган шириндиктер өз кардарларын таба алган.

Айчурок Сулайман кызы “ASMAN SWEET” таттууларынын негиздөөчүсү

Турмушка чыккандан кийини негизи үйдө олтуруп калдым. ошондо үй бүлөм үчүн таттууларды интернеттен көрүп жасап берип жүрдүм. Анан кызыгуум пайда болуп, 2016-жылдан баштадым. Кызыгуумдун артынан Бишкек, Жалал-Абадга барып окуп келдим. Россия, Казакстан фуд блогерлеринен онлайн окуп турам деди “ASMAN SWEET” татууларын жасаган кондитер Айчүрөк.

Кызыгуу болсо баары болот. Кызыгуунун артынан татуулар дүйнөсүнө аралаштым. Келечекте абдан көп максаттарым бар. Буйруса өзүмдүн кондитердик цехимди жана студия ачкым келет. Үйдө, декретте отурган ар бир айымга колдоо көрсөтүп, балдарын карап кирешеге чыкса боло турганын далилдегим келет.

Таттууларды жасоого кызыккан айымдарга кенешим өзүңуздөрдүн ой-максат кыялдарыңыздарга карап кадам таштаңыз дейт кондитер.

Ар бир жасаган тортторуму өзгөчө жасоого аракеттенем.

Аракет кылсаңыз болбогон нерсенин өзү жок. Аракет кылыш керек. Өзүңүздүн үстүңүздөн көп эмгектениңиз көп окуңуз. Өзүңүздү сүйүңүз жана жашоого жылмаю менен караңыз. Сөзүз түрдө кыялдарыңыз орундалат.
Таттууларды ачып бышырып, иштегим келет деген айымдарга кеңешим талыкпастан онлайн, офлайн окуңуз. Билим үчүн эч качан акчаңызды аябаңыз. Окуган үйрөнгөн жаңы рецептерди сөзүс түрдө жасап көрүңүз.

Айчүрөк Сулайман кызы 30 жашта. Ал Ооган-Талаа айылында төрөлгөн. Учурда Правда айылына турмушка чыгып, ошол жерде жашайт. Келин болуп келгенде жаңы үй бүлөөгө көнүп кетүү кыйын. Жаңы үй бүлөнүн жаңы закондору, турмушу дегендей, бир аз кыйналгам. Жолдошумдун колдоосу менен көнүп баштадым-деди Айчүрөк.

Кодитер Айчүрөк үй- бүлөсү менен

Каарманыбыз Айчүрөк бир эле татуулар дүйнөсүндө эле мыкты ишкер болбостон үй- бүлөдө да кадыр барктуу инсан.

Кайненем менен мамилем аябай жакшы. Үйдө кичине келин болгондуктан жумуштарды аткарууда кайненем жардам берет. Буйрутма көп мезгилде балдарымды уктатып, карап колдоо көрсөтөт. Кайненеме рахмат айтам. Учурдан пайдаланып кайнатама да рахмат айтам. Мени абдан колдоп, көтөрмөлөп турат. Дайыма балам дейт. Аябай жакшы киши. Жолдошума бир туугандарыма ата-энемдерге да рахмат айтам. Жолдошум каржы тарабынан жардам берет. Окуйм десем окутуп, кондитердикте иштеп баштаганда көп инструменттерди алдым. Жолдошумдун арты менен көп нерсеге жетиштим.

Могол айыл аймагындагы жети айыл Айчүрөктүн “ASMAN SWEET” татууларынан алып, мааракелерлерге буйрутма беришет. Он минден ашкан бул айылдардын тургундары табигый таза татууларды жасаган АЙчүрөкө ыраазычылык билдиришет.
Айылдаштары мыкты инсан, аракетчил ишкер айым катары баалап келишет.

Гулназ Камбарали кызы