“Ооган-Талаа” жамааттык мультимедиа борбору

Базар- Коргон району, Могол айыл аймагы

Базар-Коргондо 1500 окуучу Манас айтты

7 Май 2023 жыл 11:08
Көрүүлөрдүн саны: 39

Базар-Коргон районундагы Асилбек Текебаев атындагы борборук стадионунда жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары жана маданият кызматкерлери менен бирдикте “Урааным Манас” топ менен Манас айтуу сынагы болуп өттү.

Сынакты президенттин жарлыгы менен райондук администрациясы жана Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аткарууга алынып, 1500дөн ашуун окуучу катышты.

Топ менен Манас айтууну төмөндөн көрүңүз:

Базар-Коргон райондук администрациясынын акиминин орун басары Асель Сансызбаева иш-чаранын максаты Манас уч илтигин изилдөө жана популярдаштыруу боюнча деп билдирди. Ар бир окуучу бүгүнкү иш чарага катышып, Манас эпосун даңазалаганы бул да болсо чоң жетишкендик.

Базар-Коргон райондук администрациясынын акиминин орун басары Асель Сансызбаева

«Республикалык сынакка бүгүн биздин райондук билим берүү бөлүму да активдүү катышып, мектептерден мыкты Манас айткан окуучуларды топтоп, топ менен Манас айтышты. Ар бир окуучунун жүрөгүндөгү патриоттук сезимдер байкалып, Манас айтып жатканда чын дили менен берилип айтышты. Мындай масштабдагы топ менен Манас айтууда мугалимдердин, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, маданият кызматкерлеринин эмгеги зор»,- деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сыргак Жалилов.

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмунүн башчысы Сыргак Жалилов

«Базар-Коргон районунда өзгөчө өттү. Биринерден биринер алдыга чыкчуу киминер дегендей баары мыкты даярдык менен даярдангандыктан бизге тандоо да кыйынга турат»,- деп билдирди Кыргыз Улуттук манас театрынын манасчысы Койкашка коомдук фондунун төрагасы Муса уулу Төлөбек.

Манас айтуу жана Манас деп ураан чакыруу менен өсүп келе жаткан ар бир жаш наристенин патриоттук сезимдери ойгонуп, Кыргызды кыргыз кылган Манас эпосубузду кылымдар бою даңазалаган жаш улан кыздар өсөт деген ишеничтебиз.

Гулназ Камбарали кызы